АКШнын аскерлерине жардам берген оогандыктар коопсуз жайга чыгарылууда
Ооганстанда америкалык аскерлер жана дипломаттар менен кызматташкан ооган жарандары өлкөдөн чыгарылып, коопсуз жерге жеткирилди. Алгачкылардан болуп Ооганстандагы америкалык аскер базалары менен дипломатиялык миссияда мурда котормочу болуп иштеген оогандар АКШга үй-бүлөлөрү менен алып келинди. Алар буга чейин “Талибан” кыймылынын кол салуусунан коркуп, өлкөдөн чыгарып кетүүнүн суранып, Вашингтонго кайрылышкан. Учуп келген бардык оогандыктар АКШнын Вирджиния штатындагы Форт-Ли аскер базасына жөнөтүлдү. Читать дальше...