Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 23.05.2020



Өзбекстан Кыргызстандан цемент импорттоодогу чектөөнү алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун 22-майдагы токтому менен 23-майдан тарта Кыргызстандан Өзбекстанга цемент тоскоолдуксуз сатыла баштайт. Буга Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өтүнүчү негиз берди. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 1-майдан 31-декабрга чейинки убакта цемент импортуна чектөө киргизүү тууралуу чечимин карап чыгышын өтүнгөн. Сүйлөшүүдө эки тараптуу... Читать дальше...

Ош: Өзбекстанга өтө албаган келиндер

Azattyk.org 

Өзбекстанга келин болгон ондогон келиндер чек аралар ачык учурда келип, кайра үйүнө кете албай калышкан. Алар 21-майда Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылды. Алар үйүндө балдары күтүп жатканын айтып, коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевден жардам сурашты. Чогулган аялдардын айтуусунда, Өзбекстандагы үй-бүлөсүнө бара албай жаткан келиндердин саны 100гө жакын.

Францияда храм жана чиркөөлөрдүн ишине уруксат берилди

Azattyk.org 

23-майдан тарта Франциядагы храмдарга жана чиркөөлөргө барууга уруксат берилгенин Европадагы маалымат каражаттары жазып чыгышты. Сыйынууга келгендер санитардык эрежелерди так аткарууга, беткап тагынып, колун санитайзер менен дезинфекциялоого тийиш. Адамдардын ортосундагы аралык талаптагыдай сакталышы кажет. Коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган карантин режими Францияда май айынан тарта жумшара баштаган. Бирок храмдардын жана чиркөөлөрдүн ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес. Бир күн... Читать дальше...

АКШ Кытайды америкалык аба компанияларынын ишине бут тосуп жатат деп айыптоодо

Azattyk.org 

АКШ Кытайды америкалык аба компанияларынын ишине бут тосуп жатат деп айыптады. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги 23-майда маалымдады. Анда айтылгандай, январь айынан тартып, АКШ коронавирустун жайылып кетишинин алдын-алуу максатында Кытайдан келген чет өлкөлүк жарандардын өз аймагына киришине тыюу салган. Бирок аба каттамдарын токтоткон эмес. Delta Air Lines, United Airlines компаниялары баштаган бир катар америкалык аба компаниялары февраль айынан тартып, Кытайга каттамдарын токтоткон. АКШнын Транспорт министрлиги Delta Air Lines... Читать дальше...



Европа өлкөлөрү "Ачык асман" долбоорунан чыкпай турган болушту

Azattyk.org 

Европанын 11 өлкөсү "Ачык асман" келишиминде калууну чечти. Франция, Германия, Бельгия, Испания, Финляндия, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия, Чехия жана Швециянын тышкы иштер министрлери кол койгон коммюникеде: "Биз биздин жалпы коопсуздугубуз үчүн баалуу болуп саналган келишимдин шарттарын аткарууну уланта беребиз" деп жазылган. Коммюникеде алар ачык асман келишиминен АКШ чыгып жатканына өкүнүч билдиришип, бул чечим алты айдан кийин күчүнө кирерин белгилешкен. Мындан тышкары АКШнын келишимдин... Читать дальше...

Миң кырдуу дүйнөнүн бир ирмеми

Azattyk.org 

22-майда Бүткүл дүйнө жүзүндө биологиялык ар түрдүүлүктүн күнү белгиленет. "Азаттык" бул күнгө карата атайын сүрөт баян даярдады.

УКМК: Прокурордун ага жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 38 жаштагы К.А. 22-май күнү 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ага жардамчы арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган жана акчаны алып жаткан жеринен кармалды. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

24-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…4, күндүз 20…25; Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34; Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27 градус жылыйт. 24-майда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Арпачиев: облустук жана райондук деңгээлдеги спорттук иш-чаралар өткөрүлбөйт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев  Олимпиадага жолдомо алган спортчулардын даярдыгы менен спорттук иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттен 64 миллион сом бөлүнгөнүн айтты.

Түркияда карантин эрежесин бузган кыргызстандыктар айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу жергиликтүү "Демирөрен" кабар агенттиги маалымат таратты. Анда 22-майда Анталия шаарынын Муратпаша районунда карантин эрежелерин бузган эки кыргызстандык келинге полиция тарабынан 460 доллардын тегерегинде айып пул салынганы жазылган. Кыргызстандык келиндер алар жашаган аймак карантинге жабылганын билбей соода кылуу үчүн көчөгө чыкканын айтышкан.  18-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орозо айт күнүнө дал келген 23-24-25-26-май күндөрү өлкөдө жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынганын кабарлаган. Читать дальше...

Кыргызстанда "Акыркы коңгуроо" белгиленбейт

Azattyk.org 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, 24-25-26-май күндөрү милиция кызматкерлеринен турган 20дан ашуун мобилдик топ иштейт. Алар жол кыймылынын, жарандардын коопсуздугун сактоо менен бирге COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын-алуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул күндөрү автоунаа кортеждери, маараке уюштуруп эс алууга чыккан автоунаалар эскертүүсүз айып токтотмосуна алынат, алардын ээсине айып пул салынат. Читать дальше...

Баткенде "Акыркы коңгуроо" салтанаты белгиленбейт

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал шартында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн салт болуп калган "Акыркы коңгуроо" салтанаты быйыл Баткенде белгиленбейт. Ушундай эле тыюу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 10, 20, 30 жылдыгын белгилөөгө да тыюу салынганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы эскертти. Башкармалыктын басма сөз катчысы Дамира Юсупованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, 24-25-26-май күндөрү милиция кызматкерлеринен турган 20дан ашуун мобилдик топ иштейт. Читать дальше...

Карантинде индиялык студенттер да кыйналды

Azattyk.org 

Пандемиянын айынан чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп, мекенине кете албай калган чет өлкөлүктөр да бар. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 9 миңге жакын индиялык студент билим алат. Алардын бири Жей Бишкекте аялы Аида менен жашайт. Медициналык билим алып жаткан түгөйлөр карантинде чет өлкөлүк студенттерге азык-түлүк ташып, иштей баштаган.

Ат-Башыда коронавирус жуктурган 77 адамдын баары айыгып чыкты

Azattyk.org 

Район аймагында вирус жуктургандардын эң акыркысы 22-май күнү сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу райондун акими Нурбек Сатаров бүгүн, 23-майда брифингде билдирди. Аким ошентсе да жергиликтүү бийлик коронавируска каршы күрөшүү иштерин улантып жатканын белгилеп, элди тартипти сактоого чакырды: "Тартипти сактоо керек. Айт майрамында да үйдөн чыкпай, жөрөлгөлөрдү үйдөн жасоого чакырам. Муктаждык болбосо Нарын шаарына, Бишкекке барууну токтото турсаңыздар деп суранат элем". Акимдин маалыматына караганда... Читать дальше...

Суракматов: Бишкекте коронавирустун жайылуу тобокелдиги жогору

Azattyk.org 

25-майдан тарта Бишкекте коронавируска каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 23-майда брифингде билдирди. Мэр муну 25-майдан тартып көптөгөн ишканалар, коомдук транспорттун ишке кайтышы менен байланыштырды. Суракматов бардык ишканалардын, өзгөчө базарлардын, соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорт залдардын жетекчилерине эскертүү жасап, мындан ары COVID-19 вирусу жайылган ишкана, мекеме жана башка... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

Вышел трейлер отреставрированной документалки о группе The Beatles





Персональные новости
Бато Багдаев

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"





АКШдан жана Канададан 146 кыргызстандык кайтып келди

Azattyk.org 

23-май күнү АКШ жана Канададан кыргызстандыктар мекенине жеткирилди. Алардын ичинде 109 мектеп окуучусу, 37 студент жана улгайган курактагы адамдар бар. Аларды алып келүү үчүн атайын учак уюштурулганын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, кыргызстандык окуучулар менен студенттер ал жакта FLEX, International Student Exchange, NorthWest Student Exchange, Fullbright жана башка программалардын негизинде барып, окуп жатышкан. FLEX программасы менен АКШда окуп жаткан окуучулар АКШнын... Читать дальше...

Карачиде учак кыйраганда 97 адам өлгөнү тастыкталды

Azattyk.org 

Карачи шаарынын бийлиги учактагы 91 жүргүнчүдөн жана экипаждын сегиз мүчөсүнөн эки адам аман калганын маалымдады. Маалыматка ылайык, 22-майда "PK8303" каттамындагы учактын бардык жүргүнчүлөрүнүн аты-жөнү такталып, өлгөндөрдүн сөөгү табылган. Айрым адамдар учак кулап түшкөндөн кийин жан беришкени кабарланды. Аман калгандардын бири Мухаммад Зубайр GeoTV телеканалына учак бир конуп, кайра көтөрүлгөнүн айтты. Анын сөзүнө караганда, учкуч жүргүнчүлөргө дагы бир жолу конууга аракет кыларын жарыялаган соң, конуу тилкесине жакындаганда кулап түшкөн.

Таштандыдан таалай тапкан сүрөткер

Azattyk.org 

Белгилүү фотограф, сүрөтчү, теги бразилиялык, учурда Нью-Йоркто жашап жаткан Вик Мунис режиссёр Люси Уокердин ал тууралуу тарткан «Таштанды» аттуу даректүү тасмасынан кийин («Оскар» сыйлыгына номинацияланган) бүт дүйнөгө аты чыкты.

Ошто Папан суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Ошто Папан суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды. 22-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматына Папан суу сактагычына 22 жаштагы жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн, 23-майда саат 7:30да маркумдун сөөгү табылды.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна маалымдады. Министрликтин кызматкерлери жарандарды көлмөлөргө... Читать дальше...

АКШ: Крымдыктарды аскерге чакыруу Женева конвенциясына каршы келет

Azattyk.org 

Орусия аннексиялап алган Крымдын тургундары милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакырууну токтотууга тийиш. Бул тууралуу белгилеген АКШнын Европа кызматташтык жана келишим уюмундагы (ЕККУ) өкүлү Жеймс Гилмер расмий Москва бул аракети менен Женева конвенциясын бузуп жатканын айтты. ЕККУ Туруктуу кеңешинин 22-майдагы отурумунда АКШнын өкүлү 2015-жылдан бери Орусия Крымда жазгы жана күзгү аскердик чакырууларын жүргүзүп келерин, баш тарткандар коркутууга кабылып жатканын маалымдады. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда... Читать дальше...

Чеченстандын президентинин абалы тууралуу маалымат жок

Azattyk.org 

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун саламаттыгы жана ал кайсы жакта дарыланып жатканы тууралуу расмий маалымат жок. Айрым басылмалар мурдараак Кадыровго коронавирус жугуп, ооруканага түшкөнүн жазышкан. «Интерфакс» жана РИА «Новости» агенттиктери саламаттык сактоо тармагындагы булактарына таянып, 43 жаштагы Рамзан Кадыров 21-майда Москвага ооруканага жеткирилгенин маалымдашты. Ал эми «База» деп аталган Telegram-канал 21-майда Кадыровду атайын учак менен Москвадагы эң мыкты делген клиникалардын бирине алып келишкенин кабарлаган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о подготовке специалистов в спортивной сфере


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Полина Михайлова

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Доверяй, но проверяй: в Калачеевском районе власти экологическую проблему решили исключительно на бумаге





Путин в России и мире
Москва

Путин: пример поколения ветеранов Великой Отечественной войны вдохновляет и сейчас


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве СБУ проводит облавы против нелояльных Зеленскому


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Хотели стать женами Егора Крида и Тимати. Рассказываем, как сложилась жизнь нижегородок после шоу «Холостяк»



Москва

Очередное громкое убийство россиянина в подмосковных Люберцах. Это когда-нибудь закончится?

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net