Чеченстандын президентинин абалы тууралуу маалымат жок
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун саламаттыгы жана ал кайсы жакта дарыланып жатканы тууралуу расмий маалымат жок. Айрым басылмалар мурдараак Кадыровго коронавирус жугуп, ооруканага түшкөнүн жазышкан.
«Интерфакс» жана РИА «Новости» агенттиктери саламаттык сактоо тармагындагы булактарына таянып, 43 жаштагы Рамзан Кадыров 21-майда Москвага ооруканага жеткирилгенин маалымдашты.
Ал эми «База» деп аталган Telegram-канал 21-майда Кадыровду атайын учак менен Москвадагы эң мыкты делген клиникалардын бирине алып келишкенин кабарлаган.
Расмий маалымат боюнча Чеченстанда миңден ашуун адам коронавирус жуктурган. 11 адам илдеттен көз жумган.
Бир нече күн мурун Рамзан Кадыров коргонуучу каражаттар жетишсиздигине даттанган дарыгерлерди сындап, жетекчилерин кызматтан алууну талап кылган болчу.
Орусияда COVID-19 вирусун премьер-министр Михаил Мишустин жана Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жуктуруп алган.