Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 20.05.2020

Аткаминерди алган мүлкүн ЖМКга ачык жарыялап турууга милдеттендирүү сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда аткаминерлердин жашырган мүлкүн аныктоо механизмдери күчөтүлмөй болду. 20-майда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мамлекеттик органдарда иштегендердин салык декларациясын толук текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү негиздемелердин санын азыркы экиден сегизге чейин көбөйтүү пландалып жатканын айтып берди. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун багыттарынын бири – декларация толтурган аткаминер жана анын жакындары мүлк сатып алса, бул... Читать дальше...

АКШнын чабарманы чабуулдар күчөгөн маалда Ооганстанга келди

Azattyk.org 

АКШнын чабарманы Залмай Халилзад Ооганстанда куралдуу чабуулдар күчөгөн маалда Кабулга келди. Ал Катарда «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң ооган баш калаасына келип түшкөнүн президент Ашраф Ганинин кеңсеси 20-майда билдирди. Вашингтондун Ооганстан боюнча чабарманы ооган өкмөтү менен талибдердин ортосундагы токтоп калган сүйлөшүүлөрдү жандантууга аракет кылып жатат.  Анын бул сапары Ооганстандын Парван жана Хост провинцияларында эки мечитке чабуул коюлган учурга туш келди. 19-майдын... Читать дальше...



Бразилияда бир күндө коронавирустан 1179 киши кайтыш болду

Azattyk.org 

Бразилияда 19-майда өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен 1179 киши кайтыш болду. Бул оору алгач катталгандан берки эң чоң көрсөткүч. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирустан көз жумгандар жалпысынан 17971 адамга жетти. 210 миллиондой калкы бар Бразилия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ менен Орусиядан кийинки үчүн орунга чыкты. Бул өлкөдө вирус жуккандар 271 миң кишиден ашты. Бразилияда оппозициячыл күчтөр жана саламаттык сактоо тармагындагы адистер... Читать дальше...

Түштүк Кореяда мектептер кайра ачылды

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда эки айдан ашык убакытка созулган карантинден кийин 20-майдан тартып мектептердин баары кайра ачылды. Бирок вирустун алдын алыш үчүн окуучулар санитардык эрежелерди так сактоого милдеттендирилди. Алар мектепте беткап тагынышы керек жана парталардын ортосундагы бир метр аралык сакталышы зарыл. Ошондой эле окуучулар парта-стулдарын такай сүртүп турууга тийиш. Андан сырткары окуучулардын дене табы улам текшерилет. Эгер кимдир-бирөөдөн оору чыкса, ал мектеп дароо онлайн окутууга өтөт. Читать дальше...

Улукбүбү Баткендин торгою эле

Azattyk.org 

Баткенде 20 жылдан бери ишин токтотпой келген «Салам» радиосу түптөлгөндөн бери иштеп, журналистикада, маданиятта, ишкердикте өзүн көрсөтө алган Улукбүбү Амирова 42 жашында капилеттен инсульт оорусуна чалдыгып, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Еврокомиссия Кыргызстанга авиация боюнча 28 эскертүү берди

Azattyk.org 

Европа комиссиясынын адистери авиация тармагында Кыргызстанга 28ге жакын сын-пикир, эскертүү берди. Бул тууралуу парламенттин 20-майдагы жыйынында Жарандык авиация боюнча агенттиктин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди. Жыйында депутат Аалы Карашев Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация агенттигинин кара тизмесинен качан чыгарына кызыкты.  "Биз суроо бергенден, силер жооп бергенден тажаган жоксуңар. Үч жыл мурда деле ушул сөздү айттыңар эле. "Ал эле, бул эле, адистер келип кетишти дегенсиңер. Азыр деле ошону айтып жатасыңар. Читать дальше...

ДССУ пандемия боюнча иликтөө жүргүзмөй болду

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) курамындагы мамлекеттер коронавирус пандемиясына байланыштуу глобалдык деңгээлде көрүлүп жаткан чараларды иликтөөгө макул болушту. Мындай резолюция уюмдун ассамблеясынын 19-майда жыйынтыкталган видео конференциясында жактырылды. Евробиримдик 100 мамлекеттин атынан сунуш кылган бул документ ДССУнун жетекчилигин «калыс, көз каранды эмес жана ар тараптуу» иликтөө жүргүзүүгө үндөйт. Ошондой эле анда «вирустун адамдарга кандай жол менен жукканын» иликтөө тууралуу чакырык да камтылган. Читать дальше...



Мукар Чолпонбаевдин абалы дагы эле оор

Azattyk.org 

Коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин абалы дагы эле оор. Бул тууралуу 20-майда «Азаттыкка» Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. Чолпонбаевге коронавирус жугуп, бул ооруканага 5-майда жаткырылган. Абалы жакшы болбогондуктан 12-майда реанимацияга которулган. Аалиевдин айтымында, ага жасалма дем алдыруу аппараты коюлган. «Оор деп эле баалап жатабыз. Динамикасы боюнча айтсак, анализдеринин кээ бир көрсөткүчтөрү жакшы. Бирок өзү дем ала албай, аппаратта. Читать дальше...

Оштун тургуну беш жашар кызына улгайган киши «ыплас мамиле кылганы» жөнүндө арыз жазды

Azattyk.org 

Ош шаарынын Төлөйкөн кичирайонунун тургуну шаардагы автоунаа жуучу жайлардын биринде тааныш киши беш жашар кызына карата «ыплас мамиле» кылганын айтып арыз жазган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.  Анын маалыматына караганда, окуя 17-май күнү болуп, ошол эле күнү жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган. «Апасы «1956-жылы туулган жаран кызыма карата ыплас мамиле кылды» деп арыз менен кайрылган. Бул Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине... Читать дальше...

Орусиядан Тажикстанга 220 мигрант жеткирилди

Azattyk.org 

20-майда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Москвадан Дүйшөмбүгө тажикстандык 220 жаран келди. Тажик бийлиги алар Орусиядан депортациялана турган адамдар экенин, бир айдан ашык убакыттан бери атайын жайларда кармалып турушканын билдирди. Ушул эле борт менен бир нече тажик мигрантынын сөөгү да жеткирилди. Эреже боюнча чет өлкөдөн кайткан жарандар эки жумага карантинге алынат. «Азаттыктын» тажик кызматынын өкмөттөгү өз булагы учак менен келген жарандардын арасында аялдар жана балдар бар экенин айтты... Читать дальше...

Баткендик дыйкан эне балык да бага баштады

Azattyk.org 

Фермер, механизатор Алтынай Солтонова 12 жылдан бери үй-бүлөсү менен дыйкан чарбасын иштетип келет. Жылдык кирешесин 10 миллион сомго жеткирген дыйкан эне кумшекер, чайдан башка бардык азык-түлүктү өзү өндүрөт. Мындан сырткары ал айылдагы он үй-бүлөнү да камкордука алыптыр.

Чек арада жарадар болгондордун биринин абалы дагы эле оор, экөө үйүнө чыкканы жатат

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жоокер Султанбек уулу Мирбектин абалын дарыгерлер дагы эле туруктуу оор деп баалап жатышат. Анын абалында жалпысынан жакшы динамика бар экени айтылды. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев 20-майда «Азаттыкка» билдиргендей, чек арачыга эки жолу операция жасалган, андан кийин жаңы операция болгон жок. Биринчиси Баткенден, экинчиси Бишкекке келгенде ичегисинен жасалган. Үмөталиевдин айтымында, азырынча бейтап төшөктөн тура элек. Читать дальше...

Абаны автоунаалар көп булгап жатканы айтылды

Azattyk.org 

Бишкектин абасын көбүнчө автоунаалар булгап жатат. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчисинин орун басары Элдияр Шерипов парламенттин 20-майдагы жыйынында депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мекеме жайы-кышы абанын булганышынын алдын алдын алыш үчүн иш-чаралар топтомун иштеп чыккан. «Абанын булганышына менчик мончолордун да таасири бар. Мындан тышкары абаны 13-14% Бишкек Жылуулук электр борбору булгай турганы белгилүү», - деди Элдияр Шерипов. Читать дальше...

Азимов Орусиянын түрмө башчыларын сотко берди

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруу үчүн айыпталып, Орусияда 28 жылга соттолгон эки кыргызстандык абак шартына арызданып, Федералдык жаза аткаруу кызматын сотко берди.

Ооганстанда эки мечиттеги кол салуудан кеминде 13 киши өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын Парван жана Хост провинцияларында белгисиз куралчан адамдар эки мечитке кол салып, андан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылды. Окуя 19-майдын кечинде орозо кармаган динчилдер ооз ачып жаткан учурда болгон. Парван провинциясындагы мечитте бери дегенде 10 адам мерт болуп, 16 киши жараат алды. «Белгисиз адамдар ифтар маалында мечитте намаз окуп жаткан кишилерге ок атты», - деп билдирди Парвандын губернаторунун басма сөз өкүлү Вахида Шахар. Ушундай эле окуя Хост провинциясындагы бир мечитте болуп, андан үч киши каза тапты. Читать дальше...

Бишкек: Азырынча уруксат берилбей турган жайлардын жана иш-чаралардын тизмеси жарыяланды

Azattyk.org 

Бишкек карантин шартында жашап жатат, андыктан айрым жайларга жана иш-чараларга уруксат берүү маселеси азырынча чечиле элек. Бул тууралуу 20-майда борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, 21-майдан жана 25-майдан тартып бир катар ишкана-жайлар иштей баштайт. Ал эми төмөнкү жайларга жана ишмердүүлүккө азырынча уруксат жок: - Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскерүү иш-чаралары, - Көнүл ачуу жайлары, - Балдар үчүн оюн-зоок жайлары жана оюн аянтчалары, ... Читать дальше...

Депутат Акаев: премьер жыштык сатуудагы коррупция боюнча жооп берсин

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин козгоду. Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин» деген талап койду.  «Бул премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Укук коргоо органдары тез арада буга премьер-министрдин катышы барбы же жокпу, иликтеши керек», - деди Жанарбек Акаев.  Өкмөт жана күч органдары депутаттын билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек. Читать дальше...


Музыкальные новости
МакSим

Аномалия как у МакSим. Младенец с шестью пальцами попал в больницу





Персональные новости
Арцах

Генералов много, а Норат Тер-Григорьянц один!





Кара-Кулжада тажияга катышкан 60 киши үй карантинге алынды

Azattyk.org 

Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылынын Орусияда каза болгон тургунун жерге берүүгө катышкан 60 адам үй карантинине алынды. Сөөктү алып келген эки кишинин биринин коронавируска тапшырган анализи шектүү чыкканын «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын маалыматына караганда, сөөк Орусиядан 17-майдан 18ине караган түнү келип, ошол күнү жерге берилген. «Бүгүн анализдер күтүлүп жатат. Азырынча «дарт чыкты» деп айтуу эрте. Жерге берилген адам жүрөк оорудан каза болгон. Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада катталгандардын жетөө сырттан келгендер

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19 менен бир күндө жаңы катталган 27 адамдын жетөө сырттан келген. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, бешөө Москвадан, бирөө Самарадан жана дагы бирөө Тажикстандан келген кыргыз жарандары. Соңку суткада илдет табылган 27 адамдын көбү Нарын облусунда - 19 экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлаган. Бишкекте төртөө, Ош облусунда экөө, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден адам. Жалпысынан... Читать дальше...

Карантинде талкууну күчөткөн талаштуу мыйзам

Azattyk.org 

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдарга талапты күчөткөн мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөнү жатат. Укук коргоочулар өзгөчө кырдаал режимине карабай талкуу өткөрүүнү сындап чыгышты.

Кыргызстандык авиакомпанияларда 33 учак бар

Azattyk.org 

Кыргызстандык авиакомпаниялар 33 учакка ээлик кылат. Мындай маалыматты Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев парламенттин 20-майдагы жыйынында билдирди.   Депутаттар 2001-жылы Кейптаунда кол коюлган авиациялык конвенцияны карап жатышат. Кыргызстан бул келишимге 2016-жылы кол койгон.   Буга чейин Жарандык авиация агенттиги Кыргызстанда каттоодон өткөн 30дан ашык учактын тогузу гана иштеп жатканын билдирген. Калганы колдонууга жараксыз, айрымдары оңдоп-түзөөгө берилген.   Мындан тышкары... Читать дальше...

№27 колониянын үч кызматкеринен коронавирус табылды

Azattyk.org 

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштеген үч кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал жаңы катталган үчөө буга чейин вирус табылган төрт кызматкер боюнча жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында табылганын айтты: «Бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды. Баары тең лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, ошондуктан жаңылары аныкталды. Атайын дарылоого алынды. Тегерегиндеги контактта болгондор боюнча эпидемияга каршы иш жүргүзүлүп жатат». Читать дальше...

ИИМ: «Чоң казаттын» чакырыгы боюнча экспертиза дайындалды (видео)

Azattyk.org 

«Чоң Казат» аттуу кыймылдын чакырыктарына укуктук баа берүү  боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу парламенттин 20-майдагы сессиясында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Жыйында «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланып жатат. Карамушкина: «Аталган кыймылдын аракеттерине баа берүү мыйзам долбоорунун беренелерине туура келеби?» деп суроо салып, коомдогу чакырыктар боюнча ИИМдин аракеттерине кызыкты. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ролан Гаррос

Соболенко победила на старте открытого чемпионата Франции по теннису


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прокуратура начала проверку из-за загрязнения реки Сетуни в Москве





Путин в России и мире
Москва

Путин назвал срок передачи нацпроектов в профильные комиссии Госсовета


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Белый дом признал причастность к выработке «формулы мира» Киева


Навальный в России и мире
Москва

Раз нет протестов, будут санкции: как навальнисты и команда Ходорковского меняют стратегию борьбы с Россией



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт «Вселенная Depeche Mode» в исполнении концертного симфонического оркестра



Москва

Юлия Миронова стала VIP-участником форума THE TRENDS 2.0

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net