Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 12.06.2018

"Норманд төрттүгү" Украинага миссия жайгаштырууну чече алган жок

Azattyk.org 

"Норманд төрттүгүнө" кирген Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери Берлинде жолугуп, Украинанын чыгышына тынчтык сактоочу күчтөрдү жайгаштыруу боюнча бир пикирге келе алышкан жок.   Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас БУУнун күчтөрүн жайгаштыруу идеясын Киев, Москва дагы колдорун билдирип, бирок миссиянын мандаты жана жайгаша турган аймагы тууралуу көз караштар “кескин айырмаланарын” белгиледи.   Орусиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров... Читать дальше...

Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин маалыматы боюнча, 2019- жылдын 14-15-июнунда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммити Бишкекте өтөт. Ага чейин Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайда мамлекеттик сапар менен жүргөн учурда бул өлкөнүн лидерин Кыргызстанга чакырган. Уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатында Бишкекте министрлер менен тармактык мекемелердин... Читать дальше...

Мьянмада абактагы журналисттер кыйноого кабылганын айтышты

Azattyk.org 

Мьянманын абагында отурган "Рейтер" агенттигинин эки журналисти кыйноого жана психологиялык басымга кабылганын билдирип чыгышты. Журналисттер Ва Лон жана Куа Со О дүйшөмбүдө  сүйлөп калууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар кармалгандан кийин абактын өкүлдөрү үч күн бою уйку бербей, эки саат сайын суракка алышканын, "Тыңчы эмессиңерби?" деп басым көрсөтүшкөнүн, сурак маалында үч саат бою чөгөлөтүп отургузуп коюшканын айтышты. Буга Мьянманын бийлиги жооп кайтара элек. Эки журналист "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп айыпталууда. Читать дальше...



Волгоградда кеме кырсыктап, он кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Волга дарыясында жүк ташыган жана сейил кемелери кагыша кетип, он адам өлдү. Үч эркек, алты аялдын сөөгү табылды. Кийинчерээк куткаруучулар дагы бир кишинин сөөгүн алып чыгышты. Кырсык шейшембиге оогон түнү, Волгаград шаарына жакын жээктен бир чакырым ыраакта болгон. Сейил кемесинде 16 адам бар болчу. Алардын бешөө куткарылган. Кырсык Дүйнөлүк футбол чемпионатынын башталышына эки күн калганда болду. Оюн өтчү стадиондордун бири дал Волгоград шаарында жайгашкан. Бул жерде Англиянын, Тунистин, Нигериянын... Читать дальше...

Ооганстан: террордук чабуулдардан ондогон адам өлдү

Azattyk.org 

12-июнда өлкөнүн түндүгүндөгү Сари-Пул провинциясында ооган коопсуздук күчтөрүнүн 14 мүчөсү “Талибан” кыймылынын жоочуларынын кол салуусунан жарыкчылык менен кош айтышты. Кеминде 25 киши жарадар болгонун провинциянын жергиликтүү бийлигинин өкүлү Нур Ага Нури билдирди.   Нури ошондой эле төрт жарадар жоокерди согушкерлер туткундап кетишкенин да кошумчалады.   Чыгыштагы Ганзи провинциясында жанкечти аскердик техниканы айдай качып, бери дегенде беш коопсуздук кызматкерин өлтүргөнү белгилүү болду. Читать дальше...

Канатбек Исаевдин соту 21-июнга жылды

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин ишин карады. Анда акыркы сөзүн сүйлөгөн Исаев күнөөсү жок экенин жана сот далилдерге көңүл бурбай жатканын айтты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу... Читать дальше...

Абылгазиев: Аймактык чыр-чатакты козутуу аракети дагы эле бар

Azattyk.org 

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн парламенттин тармактык комитеттеринде өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчет берип жаткан учурда билдирди. Ал мамлекеттик башкарууга ийкемдүүлүк жана ыкчамдык жетишпей жатканын айтты. - Айрым тармактардагы жетишкендиктерибизге карабай, өлкөбүздө дагы эле чечилбеген маселелер көп. Конституциялык негиз, экономикалык эркиндик, социалдык адилеттик жана жарандык катышуу сыяктуу маанилүү багыттарда канчалык күч-аракеттер жумшалса да, кайтарым аз болуп жатат. Читать дальше...

Жоокерлерди сабаган прапорщик камакка алынды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерди сабап, кыйнаган прапорщик камакка алынды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттыкка”  билдирди. Анын айтымында, 10-июнда таңга жуук 19-20 жаштагы 24 катардагы жоокерди прапорщик ойготуп алып уруп-сабаган. Анын айынан тогуз баланын ээги жарылган. Алар арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык... Читать дальше...



Трамп менен Ким тарыхый саммитте документке кол коюшту

Azattyk.org 

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея “бекем жана туруктуу тынчтыкка” умтулары айтылат. Пхеньян “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында иш жүргүзүүгө милдеттенме алат”. Ошондой эле кийинки сүйлөшүүлөр “жакын арада өтөрү” белгиленет.   Шейшембиде Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан тарыхый саммит аяктады. Трамп түндүк кореялык лидер менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешерин билдирди. Читать дальше...

Жээнбеков Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапары менен Москва шаарына барат. Сапардын алкагында мамлекет башчы Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат. Эки өлкө жетекчилери жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүн кабарлады. (КЕ)

Вакил абый: Дүйнөнүн түркүн түсүн сактайлы

Azattyk.org 

Вакил Шайхетдинов башкырстандык cүрөткер. Ал Капей-Кобау айылын, анын жаратылышын жайы-кышы сүрөткө түшүрөт жана дүйнөнү ар кыл өңдөгү талаа гүлдөрүндөй кабыл алат. Ошого адамдарды да өң-түсүнө, ишенимине карап бөлбөйт.

Сингапурда Дональд Трамп менен Ким Чен Ын катышкан саммит аяктады

Azattyk.org 

Шейшембиде Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан саммит аяктады. Трамп түндүк кореялык лидер менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешээрин билдирди.      Трамп түндүк кореялык лидерди «инсандык сапаты жогору, акылдуу жана жеткилең сүйлөшүүчү» деп мүнөздөдү. Америкалык лидер ошондой эле «биз бири-бирибиз жана өлкөлөрүбүз тууралуу көп нерсе билдик» деп айтты.  АКШнын президенти Ким Чен Ынды «өз өлкөсүн сүйгөн өтө таланттуу адам» деп баалады. Читать дальше...

Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш жыйынга чогулду

Azattyk.org 

Президентке караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш бүгүн биринчи жыйынга чогулду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жыйында аталган кеңештин мүчөлөрү жобо менен таанышып, негизги милдеттерди талкуулады. Ошондой эле 2018-жылда аткарыла турган иштерди ортого салышты.    Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш быйыл 4-июнда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен түзүлгөн. Ага санариптик транформациялоого... Читать дальше...

Кыргызстанда менингиттен өлгөндөр жок

Azattyk.org 

Айрым массалык маалымат каражаттары Кыргызстанда менингиттен 2 бала чарчап калганын жазып чыгышты. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова басма сөз жыйынын өткөрүп, ушундай маалымат бергенин кабарлашкан. Бирок Баялинова мындай кабарларды төгүндөп, "Азаттыкка" жыл башынан бери 12 адам менингит менен ооруп айыкканын айтты. Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев "адам өлдү" деген маалыматты жокко чыгарып, "жакында эле 2 бейтап ооруп, бирок айыгып чыгышты. Читать дальше...

Кыргызстанда менингиттен өлгөндөр жок (Видео)

Azattyk.org 

Айрым массалык маалымат каражаттары Кыргызстанда менингиттен 2 бала чарчап калганын жазып чыгышты. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова басма сөз жыйынын өткөрүп, ушундай маалымат бергенин кабарлашкан. Бирок Баялинова мындай кабарларды төгүндөп, "Азаттыкка" жыл башынан бери 12 адам менингит менен ооруп айыкканын айтты. Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев "адам өлдү" деген маалыматты жокко чыгарып, "жакында эле 2 бейтап ооруп, бирок айыгып чыгышты. Читать дальше...

Прокуратура чек арачыларга салынган курулушта мыйзам бузулганын тапты

Azattyk.org 

Чүй облустук прокуратурасы Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында чек арачыларга салынган 36 батирлүү үйдүн курулушун текшерип чыкты. Анын жыйынтыгында прокуратура 2017-жылдын январында Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, курулушка керектүү каражаттарды сатып алууда мыйзам бузууга жол бергени аныкталганын билдирди. Маалыматка караганда, аталган башкармалык сатып алуу үчүн мыйзамсыз сынак өткөрүп, анда долбоорлоо-сметалык документтери толук болбогон компания жеңип чыккан. Читать дальше...

Пенчак силат, ушу-саньда. Маанисин билесизби? Спорттук терминдердин түшүндүрмөсү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Рингге же килем бетине чыгып кесипкөй спортчу болбосоңуз да анда-санда ышкыбоз катары залга баш багып турсаңыз керек. Кайсы бир спорттун эрежесин билгенибиз менен маанисине көңүл бургандар дээрлик жокко эсе.


Музыкальные новости
Мари Краймбрери

Яна Рудковская, Филипп Киркоров, Ксения Собчак, Мари Краймбрери и другие гости торжественного ужина в честь сотрудничества Димы Билана с парфюмерным брендом





Персональные новости
Культура

Ульгэр обучает ПДД: Россия, Культура, Театр и Дети





Абылгазиев: Кумтөр боюнча соңку келишимди талдап жатабыз

Azattyk.org 

Өкмөт Кумтөр боюнча соңку келишимди талдап жатат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин комитеттерине өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчет берип жатып билдирди. Өкмөт башчы "Центерранын" жетекчиси менен бир сыйра жолукканын, анда былтыр сентябрь айында кол коюлган келишим, анын жыйынтыктары боюнча кыргыз өкмөтүнүн ойлору бар экенин билдиргенин айтты. Абылгазиев бул сунуштарды өкмөт алгач парламентке алып келип, талкууга коерун кошумчалады. Мурдагы өкмөт... Читать дальше...

Быйыл 45 мамлекеттик кызмат көрсөтүү онлайн режимине өтөт

Azattyk.org 

Ушул жылы 45 мамлекеттик кызмат көрсөтүү онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде отчет берип жаткан учурда билдирди. Өкмөт башчы “Коопсуз шаар”, “Түндүк” долбоорлорун ишке ашыруу улана турганын айтты. Кыргызстанда ири шаарларга жана кан жолдорго видеобайкоо орнотуу долбоору тууралуу маселе жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам утур-утур көтөрүлүп келет. Былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 900дөн ашык киши каза болгон. Читать дальше...

Шыкмаматовдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматов боюнча Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди жокко чыгарды. Тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды ондоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Буга чейин депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайларды ондоп, ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүнүп сотко кайрылган. Алмамбет Шыкмаматов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси... Читать дальше...

Таласта селдин зыяны саналып жатат

Azattyk.org 

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ак-Жар айылында селден жабыркаган турак жайлар жок. Бул тууралуу аталган райондун акимчилиги «Азаттыкка» билдирди. 11-июнда Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылында катуу жаан жаап, 200 түтүн жашаган эки көчөнү суу каптаган. Сел айылдагы төө буурчак айдалган талааны да жууп кеткен. Азыр чыгым эсептелип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы кабарлады. (AlS)

Абылгазиев: Дотациядагы айылдарга былтыр бешөө кошулду

Azattyk.org 

Кыргызстанда дотациядагы айылдарга быйыл дагы беш айыл кошулду. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде өкмөттүн былтыркы иши тууралуу отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, ушул тушта 484 айыл өкмөттүн 78и эле эле дотациядан чыккан. Былтыр мурдагы жылга караганда беш айылга көбөйгөн. Абылгазиев өзүн өзү камсыз кылган, таза суу маселесин чечкен, үлгү боло турган айыл өкмөттөр жок болуп жатканын кошумчалады. Кыргызстанда жети облус, 40 район, 484 айыл өкмөтү бар. Читать дальше...

Мамбеталиева: "Кыргызстанда менингит коркунучу жок”

Azattyk.org 

Өткөн жумада Казакстандын Алматы шаарында менингит оорусуна чалдыккан 13 адам көз жумду. Аба аркылуу жуккан бул жугуштуу илдет Кыргызстанга жайылышы мүмкүнбү, дарыгерлер анын алдын алуу боюнча кандай аракеттерди көрүп жатышат деген суроого Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-эпидемиологу Айнура Мамбеталиева жооп берди.

Спорт в России и мире
Москва

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Диего Шварцман: «Два чилийца в полуфинале в Риме. Шесть латиноамериканцев в топ-30. А ATP в следующем году уберет один из турниров в Южной Америке»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В одном из парков Москвы нашли тело 13-летней девочки





Путин в России и мире
Москва

«Газпром-Медиа» и Медиакорпорация Китая подписали соглашение о сотрудничестве


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Президент Камеруна получил послание от Президента Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Виктор Цой

Цой жил: съемки звезды «Кино» и эксперименты Билли Айлиш



Москва

Метеоролог Тишковец: в Москву на этой неделе придет «двойное» лето

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net