Данияр Амангелдиев кымбатчылыкты жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кымбатчылыкка негизинен импорттун үлүшүнүн көп болушу себеп экенин билдирди. Бул тууралуу 5-февралда Жогорку Кеңештеги “өкмөттүк саатта” депутат Алишер Козуевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал азык-түлүктүн 70% сырттан импорттолорун, бул багытта өкмөт ички мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатканын түшүндүрдү. “Тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, айыл чарба техникаларын алууга лизинг киргизүү да ушул багытка байланыштуу. Читать дальше...
