Ташиевдин эскертүүсү, коомдун сыны
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “президентти жамандап жаткандар "кара тизмеге" алынып жатканы" тууралуу сөзү коомчулуктун сынына кабылды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары муну сөз эркиндигине басым катары баалашты. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 8-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, анда мамлекетти башкарып жаткандарды далилсиз жамандагандар кайсы бир күнү жоопко тартыларын эскертти. Ал Кыргызстанда “саясий экстремизм” биринчи планга чыгып, коом радикалдашып баратканын айтты. Читать дальше...
