Израилде эл аралык «Eurovision-2019» ыр таймашы 12-майда расмий башталды. 41 өлкөнүн делегациясы Тел-Авивдеги Габима театрынын аянтына салынган кызгылт килемден өтүштү.
Сынактын биринчи жарым финалы 14-майда, экинчи жарым финалы 16-майда болот. Финалга чыккандар 18-майда күч сынашат.
Израилдин маалымат каражаттары Тел-Авивде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлашты. Калааны бир апта бою 20 миң полиция кызматкери кайтарат. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынды.
«Eurovision»... Читать дальше...