Москвада "Немцов маршына" миңдеген адам катышты
Орусияда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскеришти. Кремлдин сынчысы Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн күндүн үч жылдыгын утурлаган акциялар Орусиянын бир катар шаарларында өтүп, борбордо ага миңдеген адам катышты. Москвадагы демонстранттардын эң чоң тобу көч башында “Жаза сөзсүз болот!", "Биз унутпайбыз, биз кечирбейбиз!” деген ураанды көтөрүп жүрүштү. Маркум Немцовду эскерген көчө жүрүштөрү, жыйындары башка бир катар шаарларда да өткөрүлдү. - Адамдардын былтыркыдан көп чыкканы мен үчүн да күтүүсүз болду. Читать дальше...