Сузакта окуу комплексинин жоюлушуна каршы митинг болду
Райондун акими Эрмек Омошев митинг тууралуу кабары жок экенин айтып, бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги чечкенин билдирди. Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты Калыбек Ажыматов Сузак районунун акими менен Багыш айылдык кеңешинин төрагасынын кыйыр түрдө таасири сезилип жатканын, балдар үйүнүн карамагында бир канча гектар жер, жайыт жана сарай, токой чарбасы бар экенин, алар ушул мүлккө көз артып жатышы ыктымал экенин “Азаттыкка” билдирген.
“Кыргызстандагы интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну оптималдаштыруу жөнүндөгү” өкмөттүн токтомуна ылайык былтыр сентябрь айында Сузак районуна караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйү жоюлган. Бирок анын базасында Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплекси уюштурулган. Мында азыр 300дөй окуучу жана балдар бакчасында 100дөн ашык бөбөк тарбияланат. Былтыр интернат жоюлганда 20дай наристе башка балдар үйүнө которулган. Билим берүү министрлигинин декабрь айындагы буйругу менен окуу комплекси да жоюлгандыгы тууралуу кабар тургундарды дүрбөлөңгө салган. (RsK)
