Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Январь
2021

ЖЭБ чыры сотто кайра карала баштады

0
ЖЭБ чыры сотто кайра карала баштады

Чуу жараткан Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга байланыштуу иш Жогорку сотто кайра каралып жатат. Бул ишке айыпталып, 15 жылга кесилген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаттары ал акталышы керектигин билдирүүдө. Учурда Сапар Исаков кайда экени белгисиз.

Жогорку сотто Бишкек ЖЭБи боюнча иш жаңы ачылган жагдайлар 25-январда каралмак. Бирок тараптар айрым документтер менен таанышып чыгышы үчүн отурум 1-февралга жылдырылды. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов жагдайды мындайча түшүндүрдү.

«Мамлекеттик кайсы мекеме болбосун ал канчалык зыян тартканын бухгалтериясында көрсөтүшү керек. Буга чейин соттун өкүмдөрүндө көрсөтүп жатат, «Исаков ТВЕА менен кошо коррупция кылды» деп. Мамлекет ушундай чечим чыгаргандан кийин Кытай тарапка «мынча пайызды төлөбөйбүз» деп айтышы керек. «Мамлекеттик бюджетте чыгым болгон» деп жазбаптыр. «Насыянын пайызын азайтпай эле төлөйбүз» деп жатышат. Мамлекет өзү жабырлануучу катары «эч нерсе уурдалган жок» деп жатат».

Токтакунов бул ишке айыпталгандарды Жогорку сот акташы керек деп эсептейт. Ал аталган иш эгер кайра тергөөгө жиберилсе мыйзамсыз болот деп айтууда.

Соттук ишти жаңы ачылган жагдайлар менен кайра кароого 2020-жылдын этегинде адвокат Замир Жоошев арыз берген. Иш Жогорку сотто 18-декабрда кайра каралары айтылган. Бирок ар кандай себептер менен отурум жылып келатат.

Бул иш буга чейин Жогорку сотто 2020-жылдын июнь айында каралып 1-2-инстациялардын өкүмүн күчүндө калтырган.

Сотто айыпталып 15 жылга кесилген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков азыр кайда экени белгисиз. Ал 2020-жылдын октябрь окуяларында убактылуу абактан чыккан боюнча кайра кайтып барган эмес. Исаковго эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган.

Жогорку соттун өкүлү Чынара Мамытканова жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук отурумдар соттолуучулар катышпаса деле өтө берсе, ага мыйзам чектөө койбойт деп билдирди.

«Жогорку сот Сапар Исаков, Айбек Калиев, Салайдин Абазов, Осмонбек Артыкбаев жана Жолдошбек Назаровдун адвокаттарынын арызынын негизинде Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого байланышкан кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап жатат. Мындай учурда соттолуучулар сотко катышпаса деле отурумдар өтө беришине мыйзам жол берет».

Мындан бир ай мурда Сапар Исаковго байланышкан Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери Жогорку сотто каралып, коллегия соттун буга чейинки эки инстанциясынын өкүмүн жокко чыгарган. Жазык ишти жаңыдан, башка курамда кароо үчүн ал Биринчи май райондук сотуна жиберилген эле.

Бул иш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын 9-июнунда Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан жана мамлекетке келтирилген 247 650 281 сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева коюлган айыптар далилсиз экенин айтып жүрөт.

«Сапар Исаковго байланышкан кылмыш иштеринде саясий өңүт бар деп биз дайыма баса белгилеп айтып келебиз. Анткени Сапар Исаков камалганда бийлик башында тургандар аны куугунтукка алып, түрмөгө отургузган. Ойдон чыгарылган иштер болгон. Эми соттун өкүмдөрү кайра кароого жиберилип жатканы акыйкатсыздык болгонунан кабар берет. Бирок 1-инстанцияда иш эми кандай каралары бул ачык маселе. Биз соттордун адилеттүү, көз карандысыз болуп кеткенин көргөн жокпуз. Дагы деле «өйдө жактын» көзүн карап иш алып барып жатышат. Эми шайланган президент Садыр Жапаров «саясий куугунтук болбойт» деген сөзүнө турабы? Аны көрө жатарбыз».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын командасына байланыштуу айыптоолорду Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий куугунтугу катары баалап келишкен. Эми алардын иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жиберилип жатышында да саясий өңүттөр жок эмес дегендер болууда.

Саясатчы Бектур Асанов коррупцияга аралашкандар жазасыз калбашы керек деген пикирин билдирди.

«Бийлик сотту «мыйзам чегинде карагыла» деп коюшу мүмкүн. Ошондуктан сот жоопкерчиликтен качып соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, биринчи инстанцияга жиберип жатат. Же тергөө иштери өтө чабал жүргөндөн кабар берет. Далилдер алсыз. Эми алдыдагы үч айдын ичинде бардыгы анык болот. Себеби азыркы шайланган жаңы бийликтин кадамдарын шайлоочулар байкап турат. Ал эми азыркы системанын түптөлүшүнө мурдагы президент Атамбаев жана анын командасы күнөөлүү. Ошондуктан алар таптакыр акталып кетиши мүмкүн эмес. Бишкек ЖЭБине байланыштуу коррупциялык иште бир аттиштин баасы 600 доллар болгону түшкө кирбеген окуя. Ошондуктан жакынкы 10-15 жылдын ичинде Атамбаевдин командасы жоопкерчиликти тартышы керек. Эгер жаңы бийлик алар менен сүйлөшүп алып, актай турган болсо алардын келечеги жакшы болбойт».

Сапар Исаков 2020-жылы 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, ошол бойдон кайтып барган эмес.

2020-жылдын октябрь айынын этегинде Исаковго Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ага эл аралык издөө жарыяланганын кабарлаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан башпаанек сураганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок аны расмий булактар тактаган эмес.

Исаковдун тарапташтары ал кайда экени тууралуу үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок экенин билдирип келишет. Алар анын саламаттыгынан жана өмүрүнөн кабатыр болуп жатканын айтышууда.

Жарандык активист Адил Турдукулов Сапар Исаковдун сотко келишинен күмөн санап турат.

«Сапар Исаковду мен саясатчы катары тааныбайм. Ал саясатчы болуп жетилген эмес. Исаков Атамбаевдин тапшырмаларын жана буйруктарын жүзөгө ашырган инсан болгон. Ошондуктан ал саясий келечегин көрбөгөндүктөн жана саясий фигура болбогондуктан тынч, чет жакта күн өткөрөйүн деп чечти болушу керек. Муну менен ал кыргыз саясатына кайтпастыгын билгизди».

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, ошол кезде өкмөт башчы болуп турган Сапар Исаков баштаган бир катар чиновниктерге кылмыш иши козголгон.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил об открытии «Домиков добра» для сбора гуманитарной помощи


Спорт в России и мире
Москва

ЕВРО-2024: большой футбол ждет слушателей «Авторадио»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Москва 24»: при сборе грибов следует ориентироваться на запах и окрас, чтобы не положить в корзину несъедобные





Путин в России и мире
Москва

Путин: Москва поддерживает идею о разработке хартии многообразия в XXI веке


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Армения выразила протест Минску из-за заявлений МИД Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Мелодия

В ТРЦ «Нора» «Мелодия скрипки» в исполнении Руфины Ахметшиной



Москва

Серый кардинал

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net