Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Январь
2021

Коронавирустун жаңы түрлөрү кооптондурууда

0
Коронавирустун жаңы түрлөрү кооптондурууда

Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан коронавирустун жаңы түрлөрү саламаттык сактоо тармагындагы адистерди чочутуп турган чагы. Вирустун Британияда чыккан түрүнөн өлүм-житим көбүрөөк болушу мүмкүн экени кабарланды. 

Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери коронавирусту ооздуктоо иштерин катаалдатышты. Буга британ өкмөтүнүн өткөн аптанын соңунда жасаган билдирүүсү түрткү болду. Жума күнү Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун Лондондо жайылган жаңы түрүнөн өлүм-житим көп болушу мүмкүн экенин билдирген: 

«Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, жаңы вирус жугуштуу болгону аз келгенсип, андан көбүрөөк адам өлүшү мүмкүн. Мен муну силерге айтып коюшум керек».

Жонсондун айтымында, учурда Британиянын ооруканаларында 39 миңдей бейтап коронавирустан дарыланууда. Бул апрелдеги эң жогорку көрсөткүчкө караганда 78% көп дегенди билдирет. 

Британияда кийинки күндөрү коронавирустан көз жумгандардын саны бир жарым миңдин тегерегинде болуп жатат. 

Саламаттык сактоо тармагындагы адистер ушул тапта жалаң эле Британияда эмес, Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан коронавирустун жаңы түрлөрү боюнча да тынчсызданууларын билдирип жатышат. Үч вариант тең жугуштуу. 

Коронавируска каршы чыккан вакциналар британ штаммынан коргой тургандыгы маалым болгону менен, алар Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан түрүнө каршы канчалык туруштук бере алары белгисиз. 

Нидерланддардагы каршылык акциялары

Борис Жонсондун мындай билдирүүсүнөн кийин Нидерланддар кечки тогуздан таңкы 4:30га чейин коменданттык саат киргизди. Буга каршы чыккандар 24-январда эки шаарда нааразылык акцияларын өткөрүштү. 

Нидерланддардын түштүгүндөгү Эйндховен шаарында демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар полицияга таш ыргытышты. Тартип коргоочулар жооп кайтарап, жаш чыгарчу газ жана суу чачышты. Ондогон адамдар кармалды. Ушул эле күнү баш калаа Амстердамда да митинг өттү. Анын катышуучуларын да полиция суу чачып таркатууга аргасыз болду. Бул шаарда 100дөн көп адам кармалганы кабарланды. 

Бир күн мурда Нидерланддарда кечки тогуздан таңкы төрт жарымга чейин коменданттык саат киргизилген. Мындай чечимге нааразы болгон жарандар Урк айылындагы коронавируска тест алган борборду өрттөп салышкан. Юстиция министри Ферд Грапперхаус бул тополоң менен коштолгон акцияларды сынга алды. 

«Бул жөн эле кылмышкерлер. Алар атайылап полиция кызматкерлерине, журналисттерге жана гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүнө кол салып жатышат», - деп айтылат Грапперхаустун билдирүүсүндө.

АКШ жана Франция тесттин жыйынтыгын талап кылууда

Франция Евробиримдиктин башка мамлекеттеринен келгендердин баарына коронавирус тестинин жыйынтыгы менен гана киришине уруксат берди. Ушуга окшош чечимди АКШ да кабыл алды. 

АКШ президенти Жо Байден чет жактан келгендердин баары «коронавирус жок» деген тесттин жыйынтыгын көрсөтүшүн же карантинде жатышын талап кылды. Байден бийликтеги алгачкы 100 күн ичинде 100 миллион кишини эмдөөдөн өткөрүүнү көздөп жатат.

Ал арада Мексиканын президенти Лопес Обрадор коронавируска чалдыкканы маалым болду. 67 жаштагы мамлекет башчы «Твиттерге» жазганына караганда абалы дурус.

Буга чейин ал беткап кийип, элге үлгү көрсөтпөгөнү үчүн сынга алынып келген. Израил 25-январдан тартып бардык ички жана тышкы аба каттамдары бир аптага токтотуларын жарыялады.

Израил жарандарды эмдөө боюнча дүйнөдө алдыда баратат. Бүгүнкү күнгө карата тогуз миллион калкы бар мамлекеттин эки жарым миллионго жакыны эмделди. Ошентсе да соңку апталарда Израилде коронавирустан көз жумгандар көбөйүп жатат.

Израилдин коңшусу Египетте 24-январда кытай вакцинасын сая башташты. Алгачкылардан болуп медкызматкерлер эмделди. Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, бийлик жалпысынан 100 миллион доза вакцина алып келүүнү болжоп жатат. Тиешелүү келишимдер британиялык, кытайлык жана орусиялык компаниялар менен түзүлдү.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Созданный нейросетью Собянин выманил у заслуженного врача РФ 4 млн рублей


Спорт в России и мире
Москва

Площадь пожара в здании у метро «Динамо» в Москве составляет 400 квадратов


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Самсонова вышла в четвертьфинал турнира WTA в Хертогенбосе


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Москва 24»: при сборе грибов следует ориентироваться на запах и окрас, чтобы не положить в корзину несъедобные





Путин в России и мире
Москва

Путин: если Киев откажется от переговоров, новые условия России будут другими


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Армения выразила протест Минску из-за заявлений МИД Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

«Он приехал за мной в клуб. И всё, с этого момента мы начали жить вместе». Оксана Самойлова рассказала о знакомстве с Джиганом в эфире «Шоу Воли» на ТНТ



Москва

Пять проектов Первого канала стали лауреатами премии АПКиТ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net