Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Январь
2021

NDI уюму КТРКнын дебаттарын каржылоону токтотту

0
NDI уюму КТРКнын дебаттарын каржылоону токтотту

Улуттук демократиялык институту (NDI) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) менен кызматташтыгын токтотту. Президенттик шайлоого байланыштуу дебаттарды каржылаган америкалык мекеме буга саясий беттештер бейтарап өткөрүлбөгөнүн жүйө келтирди. КТРКнын жетекчилигинин позициясы башкача.

Каттан чыккан кабар

Эл аралык мамилелердин Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (NDI – УДИ) менен КТРКнын ортосундагы келишпестиги социалдык тармакка жарыяланган каттан улам белгилүү болду.

Тагыраагы өкүлчүлүктүн жетекчиси Дорарта Хюсени Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековага 15-январда кабарлама жазып, дебаттарды каржылоону токтотконун маалымдаган.

Шайлдабекова катты алганын жана анын мазмунун «Азаттыкка» ырастап, маселенин өзү жөнүндө буларды билдирди:

«Биздин кат алышуубузду кимдер таратып жибергенин билбейбиз. Коомчулукка чыккан катты көрдүңүздөр да, анда ошентип жазылганы чын. NDI техникалык жактан көмөк көрсөтүп жаткан, балким кызматкерлерге да жардам кылса керек, бирок ал минималдык колдоо болчу. Колдоо же колдобоо бул алардын укугу. Биздин процесстер андан көз каранды эмес, бардык нерсени мыйзам чегинде өткөрө беребиз. Негизи бул боюнча катты мага эле жазышкан болчу, бирок аны кимдир бирөө прессага чыгарып жибериптир. Биз бул маселени пиар кылганды туура көрбөйбүз, менимче NDI уюму өзү деле каалабаса керек».

Арийне, Улуттук демократиялык институту же NDI уюмунун Бишкектеги мекемесинен түшүндүрмө алуу мүмкүн болбоду. Уюмдун атын атагысы келбеген кызматкери алар маселе боюнча комментарий бербей турганын кабарлады.

Ошол себептүү эл аралык институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Дорарта Хюсенинин жогоруда аталган каттагы сөзүн келтирели:

«Ушул кат аркылуу NDI Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлер үчүн телевизиондук дебаттарды уюштуруунун алкагында 2021-жылдын 7-январынан тартып КТРК менен кызматташуусун токтотконун кабарлап койгубуз келет. Бул кадамга биздин макулдашууларды КТРК тарап бузуп, теледебаттарды өткөрүүнүн сапатына, анын бейтараптуулугуна жана ачык-айкындуулугуна таасир эткени үчүн бардык», - деген ал.

Ошол эле учурда NDI уюмунун өкүлү өз катында ачык шайлоо үчүн Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка маалымат каражаттары менен кызматташууну улантууга даяр экенин тактаган.

КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев NDI уюмунун дооматтарына макул эмес. Ал эл аралык мекеме саясий беттештин мазмунуна киришип кеткенин айыптады:

«NDI уюму «уюштурууга жардам берели» деп БШК аркылуу өздөрү келишкен. Алар башында «силердин маалыматтык, редакциялык саясатыңарга кийлигишпейбиз» деп айтышкан. Натыйжада шайлоо башталардын алдында, 2020-жылдын 15-ноябрында эки тараптуу меморандум түзгөнбүз. Анын алкагында булар биздин чыгармачыл-техникалык жамааттагы 40 адамга гонорар төлөп бермек. Анан дебат башталгандан кийин редакциялык саясатыбызга кийлигише башташты. Алып баруучуларды алмаштырсак, «эмнеге алмаштырасыңар?» дейт. Биз мурдагы шайлоолордо деле алмаштырчубуз, мында деле ошондой практика болду. Келбей калган талапкерлердин трибунасын алып коелу десек, ага кийлигишти. Бир консультантын алып келди эле, алар талапкерлерге акыл үйрөтүп кирди. Анан суроолорго асылышты. Бул деген саясий шоу да, биз убакыт кеңири болгондуктан талапкерлерди көбүрөөк ачалы деп, түрдүү суроолорду берип жаттык. Ыңгайсыз суроолор болуш керек да. Анүстүнө бизге социалдык түйүндөр аркылуу күнүнө 1,5-2 миңдей суроо келип жатты. NDI уюму бизге болгону 6 миң доллар бермек, келишим бузулгандан кийин төлөп беришкен жок. Бизге анын ысык-суугу жок, кызматкерлерибизге өзүбүз айлык беребиз, декорацияга чыгашаны өз бюджетибизден кыла беребиз».

«Дебатта бир беткей суроолор болду»...

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында КТРК эки айлампа менен дебаттарды өткөрдү. Биринчи тур 28-29-30-декабрда болсо, 6-7-8-январдагы экинчи турда талапкерлер орун алмашуу менен кайрадан беттешкен.

Телетаймаштарга жарышка түшкөн 18 талапкердин 16сы катышкан. Талапкер Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугушуудан бошобой турганын айтып келбей койсо, Рашид Тагаев ортодо талапкерлигин алып салганын кабарлаган.

30-декабрь күнкү дебаттын видеосу телеканалдын «YouTube» баракчасынан алынып салынганы коомчулуктун сынына кабылган. Коомчулуктун бир бөлүгү дебаттын алып салынышын ага катышкан талапкер Абдил Сегизбаевдин Садыр Жапаровду сындап сүйлөгөнү менен байланыштырган.

Калган дебаттардын жүрүшүндө алып баруучулардын талапкерлерге суроо бергени сындалып, парламентаризмге каршы, бийликти жактаган маанайдагы суроолор берилди деген дооматтар айтылган.

Президенттикке талапкерлигин койгон депутат Каныбек Иманалиев да ушундай пикирде:

«Биринчи турда, Алмаз Касымалиев менен Светлана Акматалиева алып барганда дурус эле болду. Алып баруучуларын алмаштыргандан кийин суроолор бир беткей, андан да деңгээли өтө төмөн болуп калды. Оппозициялык маанайдагыларга терс суроолор берилип, атайылап чабуул болуп жатканы байкалды. NDI мына ушундан улам келишимди үздү да, ошону ачык айтышканына рахмат. Дебат бул жаңы саясий маданият. Адатта эки киши гана дебат кылса жакшы чыгат, бул жакта алтыдан киши чыгып калдык. Бөлөкчөрөөк болгондо жакшы болмок, балким кийинки шайлоолордо форматтарын оңдоп чыгышар».

Кыргызстанда ар бир шайлоо өнөктүгүндө теледебаттарды өткөрүү үчүн телеканалда студия жаңыдан жасалгаланат. Мындан сырткары уюштурууга, кызматкерлерге жана башка нерселерге чыгым кетет. Адатта буга эл аралык уюмдар жардам берип келет.

Маселен, ошол эле 2015-жылкы парламенттик шайлоодо, 2017-жылкы президенттик шайлоодо жана 2020-жылкы парламенттик шайлоодо ушул эле Улуттук демократиялык институт (УДИ) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) КТРКга каржылык колдоо көрсөткөнү ачык булактарда белгиленет. Албетте, анда берилген суммалар так айтылган эмес.

Талдоочу Руслан Акматбек ушул жерден кепке кошулду:

«Кыргызстандагы башка бир уюмдар же медиа каражаттар АКШнын мамлекеттик департаментинен же Конгрессинен каражат алып жатса, аны мокочо кылып көрсөтүп чыга келишет. Өлкөнүн башкы телеканалы – КТРК алардан канча жылдан бери жардам алып келатканын эч ким айтпайт. Мына бул жолу деле жашыруун калтыргысы келген экен, анысы минтип ачыкка чыгып калды. Муну биздин саясаттагы эки жүздүүлүк деп атап койсо да болот. Америкадан же башка жактан керегине жараша акчасын ала берет, зарыл учурда «батыш, батышчыл» деп жамандап коё берет. Же сырттан каржы алгандарды жамандабагыла, же мамлекет, өкмөт, КТРК баш болуп карыз алганды, жардам алганды токтоткула. Болбосо ошол эле дебаттарды КТРКнын өзүнүн бюджетинин эсебинен жасасын. Анткени ага мамлекеттен миллиондогон каражат бөлүнөт. Эгер ага да карабай сырттан каражат алууга туура келсе, анда башка, майда телеканалдарга деле дебатты өткөрүүгө уруксат бериш керек. Аларга жөндөн-жөн эле тыюу салып келишет».

Улуттук демократиялык институт же National Democratic Institute (NDI) уюму 1983-жылы АКШда негизделген. Анын өкүлчүлүгү Бишкекте Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ачылган. Коммерциялык эмес мекеме өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү, жарандык коомдун ролун күчөтүү, саясий айдыңда атаандаштыкты жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча долбоорлорду колдоого алып келет.

10-январдагы шайлоодо өкмөттүк милдетин убактылуу токтоткон Садыр Жапаров утуп чыккан. Анын инаугурациясына даярдык шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин башталары расмий кабарланган.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году


Спорт в России и мире
Москва

Росгвардейцы обеспечили безопасность во время футбольного матча в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ролан Гаррос

Главный русский теннисист заставил Париж аплодировать ему стоя. Что удалось Осьминогу Медведеву?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Юбилейный Международный форум «Экология» пройдет в Москве 4 и 5 июня





Путин в России и мире
Москва

Песков рассказал об обсуждении Путиным и Си Цзиньпином вопросов энергетики


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Прямое авиасообщение открыли между Ульяновском и Минском




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский признал, что у солдат ВСУ едет крыша, и попросил "психиатрического подкрепления"


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Николай Цискаридзе

«Я счастлив, что больной ее никто не видел» — Цискаридзе о Заворотнюк



Москва

Какой вид спорта выбрать для ребенка, рассказали москвичам

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net