Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Август
2020

Шайлоо-2020: Тизме түзгөн партиялар, эски-жаңы жүздөр

0
Шайлоо-2020: Тизме түзгөн партиялар, эски-жаңы жүздөр

Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышкысы келерин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 19-августтагы маалыматына ылайык, Агрардык партия, «Демократ», Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, «Эмгек», «Бийлик элге», Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, «Бирик», «Таза коом» жана «Жаратман Эл» партиялары шайлоого катышпай турган болду. Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес.

19-августта «Замандаш», «Республика», «Реформа», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан», «Биримдик, «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар» партиялары кезектеги курултайын өткөрүп, парламенттик шайлоого аттана турган талапкерлердин тизмесин бекитти. «Замандаш», «Кыргызстан», «Республика», «Реформа» баштапкы орундарга кирген талапкердин тизмесин жарыялады.

«Замандаш» партиясынан баштапкы он орунга кирген талапкерлер:

Баштапкы он орунга кирген талапкерлер:

1. Жеңиш Молдокматов, партиянын лидери;

2. Дмитрий Коноев;

3. Мелис Турганбаев;

4. Чынара Шейшекеева;

5. Умбеталы Кадыралиев;

6. Нурлан Абдыкалыков;

7. Айсулуу Мамашова;

8. Мавлян Амракунов;

9. Имамидин Ташов;

10. Элмурза Сатыбалдиев;

 

«Республика» партиясынан алгачкы 20 орунда төмөнкүлөр:

1. Жээнчороев Мирлан Канатбекович;

2. Жылкыбаев Узарбек Казиевич;

3. Арипов Назарали Турдалиевич;

4. Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна;

5. Жунус уулу Алтынбек;

6. Бокоев Кенжебек Сатымкулович;

7. Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич;

8. Молдобаева Гүлнара Аскарбековна;

9. Бердиев Аккулу Тагаевич;

10. Таалайбек улуу Чыңгыз;

11. Казакбаев Руслан Айтбаевич;

12. Лурова Лейла Яновна;

13. Сабиров Максат Эсенович;

14. Каныбеков Арзыбек Кенжекулович;

15. Карашев Аалы Азимович;

16. Кулинова Лола Абдурахмановна;

17. Усубалиев Орозбек Токталиевич;

18. Калматов Токторалы Калдарович;

19. Коеналиев Жоошбек;

20. Курманалиева Койсун Аблабековна.

 

«Реформа» саясий партиясы талапкерлердин тизмесин онлайн добуш берүү менен аныктады.

Тизменин баштапкы жыйырмалыктагы талапкерлери:

1. Клара Сооронкулова;

2. Мирбек Маматкасымов;

3. Урмат Жаңыбаев;

4. Манас Саматов;

5. Эсен Рысбеков;

6. Рита Карасартова;

7. Тилек Ахматов;

8. Эрулан Кокулов;

9. Назгүл Шекекова;

10. Кыялбек Калбаев;

11. Гүлгаакы Мамасалиева;

12. Эрмек Нурбаев;

13. Азият Жекшеев;

14. Елена Воронина;

15. Банур Абдиева;

16. Эмил Сыдыков;

17. Акылбек Сариев;

18. Чолпон Абдрахманова;

19. Акжолтой Тукунов;

20. Сарвар Салимов.

«Реформа» партиясынын отуруму ачык асман алдында өттү.

«Ыйман Нуру» партиясынын курултайында партияны маданият, маалымат министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков шайлоого баштап баралы белгилүү болду.

Алдыңкы ондукка кирген талапкерлердин тизмеси расмий жарыялана элек. Буга чейин 14-августта аталган партиянын саясий кеңеши уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын жарыялаган.

Анда шайлоого катышуудан баш тартууга мажбурлаш үчүн бул партиянын жетекчилигине басым жасалып жатканы көрсөтүлгөн. 17-августта «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы Айбек Осмонов билдирүү таратып, партия лидерлигинен кетерин жана алдыдагы шайлоого катышпай турганын жарыялаган.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы тизмесин жарыялай элек

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы да парламенттик шайлоо алдындагы курултайын өткөрүп, программасын кабыл алды. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти. Бирок партиянын саясий кеңеши азырынча тизменин мазмунун жарыялай элек.

Маалыматтарга ылайык, тизменин башында саясий кеңештеги адамдар: партиянын негиздөөчүсү жана лидери Адахан Мадумаров, "Ак шумкар" партиясынын негиздөөчүсү, экс-премьер-министр Темир Сариев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын төрагасы Исхак Масалиев жана башкалар бар.

«Биримдик» партиясынын IV курултайында делегаттар тизмени добуш берүү аркылуу аныкташканы кабарланды. Партиянын "Фейсбуктагы" баракчасында курултайдын жүрүшүнөн тартылган сүрөттөр жарыяланганы менен алдыңкы 20 орунга кирген талапкерлердин тизмеси жарыяланган эмес.

Сүрөттөн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү Төрөбай Зулпукаров, Марат Аманкулов, Аида Касымалиева, Евгения Строкова, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, “Альфа Телекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангуловду көрүүгө болот.

 

«Мекеним Кыргызстан» партиясы бүгүнкү курултайда талапкерлердин тизмесин такталып, жаштарга басым жасалганын кабарлаганы менен тизмеге кимдер киргенин ачыктаган жок.

Партиянын "Фейсбуктагы" баракчасындагы сүрөттөрдөн жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев, Таабалды Тиллаев, Акылбек Жапаров, Гүлкан Молдобекова, Бактыбек Райымкулов, Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Ата-Журт партиясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков, «Бирик» партиясынын жетекчиси Кылыч Исамамбетов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канатбек Аманкулов, эмгек сиңирген артист Бек Борбиев, ырчы, Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов жана башка бир нече таанымал адамдар жыйынга катышканын көрүүгө болот.

 

«Социал-демократтар» (Мурдагы КСДП) партиясы курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмеси аныкталганы кабарланды. Бирок расмий булактардан тизмеге кимдер киргенин тактоого мүмкүн болгон жок. NEXT TV телеканалынын курултайдан тартылган репортажда аталган партия бийликке оппозиция болору белгиленди.

Видеодон Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, мурдагы преидент Алмазбек Атамбаевдин уулу, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Сеид Атамбаевди, мурдагы элчи Кылычбек Султанды көрүүгө болот.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келген.

Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда.

 

«Кыргызстан» саясий партиясы да 19-августта парламенттик шайлоо алдындагы кезектеги жыйынын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти.

Баштапкы он орундагы талапкерлер:

1. Канат Исаев, партиянын жана фракциянын лидери;

2. Талант Мамытов;

3. Нурбек Алимбеков;

4. Наталья Кулматова;

5. Азиз Турсунбаев;

6. Руслан Чойбеков;

7. Дастанбек Жумабеков;

8. Чолпон Султанбекова;

9. Шаршенбек Абдыкеримов;

10. Данияр Толонов.

Буга чейин «Бир Бол», «Ата Мекен» партиялары өз тизмелерин жарыялаган. «Ордо» партиясы делегаттарын чогулткан. 16-августта «Чоң Казат» партиясы курултайда лидерин алмаштырып, буга чейин лидер катары катталган Турат Акимов жыйында жаңы лидер катары Максат Мамыткановду сунуш кылып, делегаттар аны бир добуштан колдогон.

13-августта «Мекенчил» партиясы жабык жыйын өткөргөн. Курултайда бекитилген шайлоо тизмесине саясатчылар Камчыбек Ташиевден, Курманкул Зулушевден жана Жылдызкан Жолдошевадан башка кимдер киргени белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.

Пандемия шартына байланыштуу БШК партияларга жыйындарды ачык асман алдында өткөрүүнү сунуш кылган.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день


Спорт в России и мире
Москва

Вау-эффект. Как будут выглядеть четыре стадиона Москвы после реконструкции


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Тело пропавшей два дня назад школьницы нашли на востоке Москвы





Путин в России и мире
Москва

NYT: встреча Путина и Си Цзиньпина показала непоколебимость поддержки РФ Китаем


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Независимая политика Венгрии привела в ярость США


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

«Деньги уходили»: Волочкова рассказала о предательстве домработницы



Москва

Хамоян: полиция Армении закрыла въезд в село Киранц на границе с Азербайджаном

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net