Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды
9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди кармады. 10-августта Биринчи май райондук сотунда Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралат. Бул маалыматты анын адвокаты Тимур Карабаев “Азаттыкка” бышыктады. “Бүгүн анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана балким бөгөт чарасы да каралат” - деди адвокат. "Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Абдуллаев "Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө... Читать дальше...