Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1478 кишиге жетти
Бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт киши кайтыш болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 11-августтагы брифингде билдиргендей, каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирөө Баткен облусунда катталды.
Пандемия башталган март айынан бери өлкөдө коронавирустун курмандыктары 1478 кишиге жетти.
Расмий маалыматка караганда, бир күн ичинде COVID-19 вирусу 278 адамдан лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.
Өлкөдө пандемияда аны жугузуп алгандардын жалпы саны 40455 адамды түздү. Анын 32764ү айыкты. (NT)