Беларус: оппозициячыл талапкер Тихановская Литвага чыгып кетти
![Беларус: оппозициячыл талапкер Тихановская Литвага чыгып кетти](https://gdb.rferl.org/4652DB01-2F0E-455D-9FC6-FCD9FBEC50D7_w800_h450.jpg)
Беларустагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун башкы атаандашы болгон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская өлкөдөн чыгып кетти. Ал азыр Литвада экенин Балтика боюндагы бул өлкөнүн тышкы иштер министри Линас Антанас 11-августта «Твиттер» аркылуу жарыялады.
«Светлана Тихановская коопсуз жайда. Ал Литвада», - деп жазды Антанас.
Тихановская 10-августта Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу арызын тапшырыш үчүн барган. Анын штабынын өкүлдөрү Тихановская БШКда бир нече саат күч менен кармалып турганын айтышкан. Көп өтпөй Тихановская БШКдан чыгып, белгисиз тарапка жөнөп кеткени белгилүү болгон. Андан бери оппозициячыл талапкер менен байланышууга мүмкүн болбой жаткан.
11-августта Тихановскаянын ишенимдүү өкүлү Ольга Ковалькова оппозициячыл талапкерди Беларустун бийлиги өлкөдөн чыгарып кеткенин TUT.BY басылмасына билдирди. Анын айтымында, Тихановская шайлоонун алдында кармалган штаб жетекчиси Мария Мороз менен бирге өлкөдөн чыгып кеткен.
Беларустун БШКсы өлкөнү 26 жылдан бери башкарган Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,2%, Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. 10-августтун кечинде Минск баштаган бир нече шаарларда шайлоонун мындай жыйынтыгына нааразылык билдирген адамдар кайрадан көчөгө чыгышты. Түндө баш калаада милиция менен кагылышууда бир адамдын өмүрү кыйылды.