Финпол: Бишкекте тигүү цехи катары иштеген майнинг-ферма табылды
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (мурдагы Финпол) 11-августта Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылганын билдирди.
Маалыматка караганда, «Түндүкэлектр» ишканасы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинин ишин текшерүүнү өтүнүп кайрылган.
Текшерүү учурунда тигүү цехи катары майнинг-ферма иштеп жатканы аныкталган. Имаратта 187 майнинг-система (криптовалюта жана биткоин чыгарган компьютердик жабдуулар) табылган.
Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш кодексинин 211-беренеси («Мыйзамсыз ишкердик жана банк ишмердүүлүгү») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өткөн аптада Бишкек эркин экономикалык аймагынын ичинде мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталганын кабарлаган.
Бишкек эркин экономикалык аймагы Финполдун маалыматын четке каккан, майнинг-ферма деген "Блокчейн технологиялары" жоопкерчилиги чектелген коому имаратты ижарага алуу, коммуналдык төлөмдөр, анын ичинде электр энергиясы үчүн тиешелүү мекемелер менен келишим түзгөнүн билдирген.
"Түндүкэлектр" ишканасы Бишкек эркин экономикалык аймагы электрди майнинг иши үчүн колдонуу боюнча келишим түзбөгөнүн маалымдаган.
Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, 2019-жылы Кыргызстанда 136 МВт (1 млн. кВт) электр энергияны пайдаланган 40тан ашык майнинг компания жабылган.
Адатта, майнинг-фермаларда электр энергиясы өтө көп колдонулат. (NT)