Кыргызстанда коркунучтуу вирусту жугузгандар катталган жок
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. 28-январдан берки аралыкта Кытайдан 42 адам келген, алардын 24ү кыргызстандыктар, 18и кытай жарандары. «Алардын баары тепловизор аркылуу медициналык көзөмөлдөн өткөрүлдү. Вируска байланыштуу шек саналгандар аныкталган жок» деп айтылат маалыматта. Келгендердин 33ү үйлөрүнө жиберилген, Москва райондук ооруканасында алты, Сокулуктагы бейтапканада үч киши текшерилүүдө. Ал эми Ухандан кайтып келген жарандар оорунун инкубациялык мөөнөтү деп эсептелген он күн бою изолятордо кармалат.
Министрликтин алдында түзүлгөн атайын штаб коркунучтуу илдеттин алдын алыш үчүн жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелери менен тыгыз иш алып барып жатканы, чек аралардагы өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күнү-түнү жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Өпкөнү сезгенткен оорудан Кытайда 170 адам көз жумду. 7711 киши оору жугузган. 30-январда илдет Кытайдын бардык аймактарына тараганы белгилүү болду.
Башка дагы 18 өлкөдө 98 адам ооруну жугузуп алганы аныкталган. (ZKo)