Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Май
2021

Новости за 12.05.2021

Босниялык сербдердин мурдагы лидери калган жаза мөөнөтүн Британиядагы абакта өтөйт

Azattyk.org 

Босниялык сербдердин мурдагы лидери, Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун өкүмү менен өмүр бою эркинен ажыратылган Радован Каражич абактагы калган мөөнөтүн Британияда өтөйт. Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Каражичти өз өлкөсүндөгү түрмөгө которууга макул болгонун билдирип, “геноцид үчүн айыптуу деп табылган аз адамдын бири”-деп атады. Британ Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматта “ал Сребреницадагы геноцид учурунда балдар, аялдар баштаган адамдарды массалык өлтүрүү үчүн жана... Читать дальше...

Дүйнөлүк коомчулук Газа тилкесиндеги кырдаалга кабатыр

Azattyk.org 

Газа тилкесиндеги палестиналыктар менен израил аскерлеринин ортосундагы жаңжал күчөп жатканына байланыштуу эл аралык коомчулук тынчсыздануусун бидирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык орнотуу боюнча чабарманы Тор Веннесланд «биз кеңири масштабдагы согушка жакындадык»,-деп билдирсе, Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш «тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн эки эсе көбөйтүүгө» чакырды. Израилдин бийлиги соңку 38 саат ичинде Газадагы палестиналык согушкерлер 100дөн ашык ракета атканын кабарлады. Читать дальше...



Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Azattyk.org 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим аймактык шайлоо комиссиясынын 12-майдагы жыйынында кабыл алынды. Буга шайлоого катышкан Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партиялары шайлоодон четтетилип, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болду. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы баш-аягы 30 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Жокко чыгарылган добуштардын саны 60 миңден ашып... Читать дальше...

Кумтөрдөн дээрлик 5 млрд. доллар өндүрүү сунушталууда

Azattyk.org 

Мамлекеттик комиссия Centerra Gold компаниясынан дээрлик 5 миллиард доллар алууну көздөп атат. Бул "Кумтөр" кенинен экологияга келтирилген зыян, түшпөй калган салыктардын кенемтеси катары түшүндүрүлүүдө. Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандан кийин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы сотко арызданууну көздөп жатат. Партиянын артында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин турганы айтылып келет. Газа тилкесинде израилдиктер менен палестиналыктардын куралдуу жаңжалы курчуду. Эки тараптан ондогон адамдар каза болуп... Читать дальше...

Кумтөр чуусу кайра козголду

Azattyk.org 

Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд» ишканасы 4 миллиард 952,8 миллион доллар (459 миллиард 558 миллион сом) төлөөгө милдеттүү экенин алдын ала билдирди. Өткон аптада Жогорку Кеңеш канадалык компания иштеткен кенге Министрлер кабинети сырттан башкаруу киргизе ала турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага удаа эле Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрд. 719 млн. 674 миң сомду (3 миллиардан ашык долларды) мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген. Читать дальше...

АКШ Кыргызстан жана Тажикстанга чек ара чатагын жөнгө салууга жардам берет

Azattyk.org 

АКШ Кыргызстан жана Тажикстанга чек ара чатагын жөнгө салып, үй-жайын таштап качкан элди кайра кайтарууга жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу  Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Жонатан Хеник Анлантика кеңеши уюштурган интернет талкууда билдирди. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан соң эки өлкөнүн өкмөттөрү диалогго даяр экени үмүт берерин кошумчалады. "Азырынча бул чатак жөнгө салынды деп жыйынтык чыгарганга болбойт. Жөнгө салына элек. Читать дальше...

Аймактык шайлоо комиссиясы"Ак Бата" партиясын да шайлоодон четтетти

Azattyk.org 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн "Ак Бата" саясий партиясын  шаардык кеңештин шайлоосунан алып салды. Маалыматка ылайык, жалпысынан партиянын үстүнөн 11 арыз жана мыйзам бузуулар жөнүндө 17 маалымат түшкөн. "Ак Бата" партиясын шайлоодон четтетүүнү жана ага берилген добуштарды жараксыз деп табууну аймактык шайлоо комиссиясынын 10 мүчөсү колдоду. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мунун алдында эле "Эмгек" партиясын  шаардык кеңештин шайлоосунан четтеткен. Читать дальше...



Аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" партиясын шайлоодон четтетти

Azattyk.org 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында "Эмгек" партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон алып салды. Буга шайлоого көз салган байкоочулардын арызы негиз болду. Буга чейин Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан «Ак Бата» партиясы да «Эмгек» партиясын «үй комитеттерин, квартал башчыларын сатып алган» деп айыптап, кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Андан тышкары «Реформа», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар», «Республика» партиялары «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларын добуш сатып алуу... Читать дальше...

Тажикстандагы селден тогуз адам каза тапты

Azattyk.org 

Тажик бийлиги 11-майда өлкөнүн айрым аймактарындагы селден кеминде тогуз адам каза болуп, 15 район жабыркаганын кабарлады. Шаршембиде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөгөн жамгыр негизинен Хатлон жана Куляб облустарынын аймактарын жууп кеткенин билдирди.

Ооганстанда талибдер Нарх районун басып алышты

Azattyk.org 

Ооганстанда талибдер Кабулга жакын жайгашкан стратегиялык Нарх районун басып алышты. Бул Орозо айтка байланыштуу ооган өкмөтү менен "Талибан" ок атууну токтотуу боюнча макулдашуу күчүнө кирер алдында болду. Ооганстандын Ички иштер министрлиги “Коопсуздук күчтөрү Нарх районунан тактикалык чегинүү жасады”,-деп кабарлады. Расмий бийлик аймакты талибдерден бошотуу үчүн контрчабуул жасаларын билдирүүдө. “Талибандын” расмий өкүлү Забихулла Муджахид талибдер бул районду шейшембиде ээлегенин билдирди. Читать дальше...

Кумтөрдүн чуусу, "Центерранын" эскертүүсү

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү иликтеген мамлекеттик комиссия “Кумтөр Голд Компаниге” 4,2 миллиард доллар доо коюп жатканы белгилүү болду. Кенди иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандагы соңку чечимдерге байланыштуу эл аралык сотко кайрылышы мүмкүндүгүн эскертти. Миллиарддык доо Кыргызстандагы эң ири алтын кенине байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деген төлөмдөрдүн жалпы суммасын жарыялады. Читать дальше...

Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Уланбек Асанов Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 12-майда кол койду. Расмий маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын башка чечими менен Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.

Бишкекте киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шаардык милицияга окуя тууралуу маалымат 12-май күнү саат 11:25те түшкөн. Сөз болуп жаткан дарекке Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу, Бишкек шаардык милициясынын, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматкерлери барган. Анда барак тибиндеги жеке... Читать дальше...

Индия: жампадан даба издеткен аргасыздык

Azattyk.org 

Индияда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 250 миңден ашты. Ал арада өлкөдөгү карапайым эл уйдун жампасын "инфекцияны жеңет" деген ишеним менен сүйкөнүп жатышат. Дарыгерлер мындай ыкма тескерисинче зыян экенин эскертишти.

Жапаров: 2011-жылкы шайлоого "Центерранын" акчасы жумшалган

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү териштирип жаткан мамлекеттик комиссия “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгын изилдеп жатат. Бул тууралуу 12-майда “Азаттык” радиосуна комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, тийиштүү документтерге ошол кезде премьер-министр болуп турган, кийин шайлоодо президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев кол койгон: “Сентябрда шайлоо... Читать дальше...

Өзгөндө сел агызып кеткен бала чарчап калды

Azattyk.org 

Ош облусунун Өзгөн районунда кой кайтарып жүргөн сегиз жаштагы баланы сел агызып кетип каза болду. Бул тууралуу 12-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кырсык 11-майда саат 13:20 чамасында болгон. Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандын кесепетинен тоодо сел жүрүп, мал кайтарып жүргөн бала агып кеткен. Аны туугандары таап алып ооруканага алып барганда чарчап калган.  Кара-Кулжа районундагы 8-10-11-майдагы жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, райондогу 200гө жакын үйгө суу кирген. Читать дальше...

Орусия: оппозициячыл саясаты Ройзман тогуз суткага камалды

Azattyk.org 

Орусияда Екатеринбургдун мурдагы мэри Евгений Ройзман оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон билдирүүлөрү үчүн тогуз суткага камалды. Екатеринбургдун соту Ройзман ушул жылдын 31-январында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акцияларына чакырык жасаган деп тапты. Полициянын версиясына ылайык,  саясатчы "Твиттердеги" билдирүүлөрү аркылуу уруксатсыз акцияга адамдарды катышууга үндөгөн. Ройзман полиция таккан күнөөнү четке кагып, эмнеге айыпталып жатканын өзү да түшүнбөй жатканын билдирди. Читать дальше...

Аксыдагы октябрь окуясынын кандуу эпкини

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда былтыр октябрда бир адамдын өмүрү кыйылган, алты адам жараат алган тоз-тополоңдун чуусу басыла элек. 41 жаштагы Уланбек Жаманкуловдун өлүмүнө байланыштуу үч адамга айып коюлган жана сот жараяны эки ай мурда башталган. Калайман тополоңдон улам дагы бир кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатат. Былтыр парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте калайман каршылык күчөп, бийлик күч менен алмашканда Аксы районунда дагы жүздөгөн адам акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Queen

Свой день рождения White Queen отметила вечеринкой в космическо-морской тематике





Персональные новости
Игорь Маковский

Игорь Маковский: оперативный Штаб «Россети Центр» осуществляет усиленный контроль за работой электросетевого комплекса 





Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар берет

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө каралашып, 20 миллион доллар берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн 12-майда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат. “Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) расмий каттаган вакциналарды сатып алышыбыз керек. Орусиянын "Спутник V" вакцинасын ДССУ каттай элек. Ошондуктан биз Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз”, - деди министр. Читать дальше...

Иран: Махмуд Ахмадинежад шайлоого катышууга арыз берди

Azattyk.org 

Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад 18-июнда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы ал 12-майда  тарапкерлеринин коштоосунда Ички иштер министрлигине барып, керектүү документтерди тапшырганын көрсөттү. 64 жаштагы саясатчы ультраконсерватор саясатчы саналат. Ал соңку мезгилде учурдагы президент Хасан Роуханинин саясатын сындап келген. Ахмадинежад Иранды 2005-2013-жылдары башкарган. Ал учурда расмий Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Батыш өлкөлөрү менен мамилеси өтө начарлаган. Читать дальше...

Жапаров: Кумтөр боюнча эл аралык сотко даярданып, парламентке үч жол сунуштап жатабыз

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд” компаниясынын ишин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия ишкана боюнча маселени чечүүнүн үч жолун сунуштоодо. Бул тууралуу 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди. Жапаровдун айтымында, юристтер эл аралык арбитражга даярдана берүүнү сунуш кылууда: “Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен бүт далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек. Читать дальше...

COVID-19: Индияда 250 миңден көп бейтап ажал тапты

Azattyk.org 

Индияда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 250 миңден ашты. Расмий статистикага караганда, соңку бир суткада 4200дөй адам өмүрү менен кош айтышкан. Адистер бул сандар мындан дагы көп болушу мүмкүн деп кооптонушат. Кырдаал өзгөчө айыл жергесинде оор. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйшөмбүдө билдиргендей, Индияда жайылып жаткан вирустун жаңы штаммы тынчсыздануу жаратууда. Уюмдун өкүлү Мария Д. Ван Керкхове шейшембидеги маалымат жыйында коронавирустун Индияда пайда болгон түрү мурда күтүлгөндөн... Читать дальше...

Ноокат: мигранттар айылга спорт зал курду

Azattyk.org 

Мигрант жаштар Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагына караштуу Арал айылына спорт зал куруп беришти. Мамлекеттик стандартка жооп берген имаратты салууга 2,5 миллион сом сарпталган.

АӨБ Кыргызстандын экономикасынын келечегин талдады

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкынын соңку баяндамасында чек аралар ачылып, камсыздоо тармактары калыбына келген сайын, Кыргызстандын экономикасы 2021-жылы акырындык менен калыбына келип, 2022-жылы тездери айтылган. Божомолго ылайык, Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 2021-жылы 3,5 пайызга,  2022-жылы 5 пайызга өсөт. Алтындын экспорту жакынкы эки жылда 5% чейин көбөйөт. Айрым инфраструктуралык долбоорлор кайра жандана баштагандыктан, импорт болжол менен 10% га жогорулашы мүмкүн. Аталган банктын Кыргызстандагы өкүлү Канокпан Лао-Арайанын айтымында... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Москве в 12-й раз пройдет фитнес-фестиваль «ФитЭкспо 2024»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Метеоролог Шувалов рассказал, когда в Москве закончится снег и отступят холода





Путин в России и мире
Москва

Путин: ЕАЭС приносит пользу каждой стране в составе объединения


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о мгновенном ответе Минска на любую агрессию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В США прокомментировали подготовку покушения на Зеленского


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган планирует торговать пивом



Москва

За ЖКХ пустующих квартир теперь заплатят соседи: новые правила расчета

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net