Новости Москвы
Мы в Telegram
Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Август
2021

Акаевдин келиши, аны жоопко тартуу талабы

0
Акаевдин келиши, аны жоопко тартуу талабы

Мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши Аксы окуясына байланыштуу талкууну козгоду. Каргашада жабыркагандар анын жоопко тартылышын талап кылып келет. Акаев 2-августта Кыргызстанга келген жана атайын кызматка Кумтөргө байланыштуу сурак бере баштады.

Кыргызстанды 15 жыл башкарып, соңку 16 жылдан бери сыртта жүргөн Акаевдин келиши тууралуу ар кыл пикир айтыла баштады.

Аксыдагы 2002-жылдагы каргашада Самсаалы Четинбаевдин бир тууган иниси Эркинаалынын өмүрү кыйылган. Ал Аскар Акаев эң ириде алты адамдын өлүмү менен аяктаган коогага байланыштуу жооп бериши керек деп эсептейт.

"Аскар Акаев Аксы окуясы тууралуу сөзсүз жооп бериши керек. Ошол кезде бийликтин так башында ошол турган. Эмнеге жооп бербеши керек? Мына, 16 жыл качып жүрдү. Кумтөргө байланыштуу эле суроолорго жооп берип эле бошонуп кетиши керекпи? Кечээ келгенде сүйлөгөнүн көрдүк, уктук. Ал Кумтөргө байланыштуу гана суроолорго ачык жооп берем, жардамым тийсин андай-мындай деп баягы адатын баштады. Тымызын, билмексен болуп, дагы ошентип, одоно айтканда "өлүмүш" болуп, Кумтөр тууралуу гана сөз кылып, Аксы окуясы тууралуу сөз козгоп, же бир элден мамлекетти туңгуюкка тыккан үчүн кечирим сураган жок. Мамлекет, азыркы бийлик Акаевди Аксы тууралуу сөзсүз суракка алып, сөзсүз жообун алышы керек. Аксы окуясында жабыркагандардын жарасы бүгүнкүгө чейин айыга элек. Сомодой болгон алты эр-азамат каза болгон. Кантип эле ошол каргаша унутулуп калсын. Эгер азыркы бийлик Аксыны сурабаса, анда аябай осол иш болот. Бетине жабылган көө болуп калат. Биринчи Аксы тууралуу жооп бериши керек. Андан кийин Кумтөр боюнча жооп берсе жарашат".

Аскар Акаев келгенден кийин ушул тушта Беларуста башкалкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевди алып келүүгө байланыштуу суроо жаралды. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров Акаев азыркы бийликтин аракети менен алынып келген деген оюн айтты. Ошондой эле мурдагы президент жазасыз кала турган болсо бийликке ишенгендердин көңүлү каларын эскертти

"Айрым бир саясатчылар "буларды алып келет, аларды легалдаштырат" деп айтып жатышат. Бүгүнкү бийлик аларды кантип легалдаштырат? Анткени азыркы бийлик мурдагы бардык президенттер кыла албаган иштерди ишке ашырабыз, алар жасап кеткен кылмыштардын бетин ачабыз деп кыйкырып алышты. Алар ошонун үстүнөн иштеп жатат. Коррупцияга каршы президенттерге чейин иш козгоп болуп көрбөгөндөй иштерди баштап алышты. Алып келип, легалдаштырат деген божомолдор, "кустурмайлык" кылып кое берет деген оюн бул жерде болбошу керек деген үмүтүм бар. Акаевди толук сурап, ага мыйзам чегинде айыбын угузуп, бөгөт чарасын тандап, жоопко тартуу керек. Талгарбеков айткандай аны сурап туруп эле кайра кое бере турган болсо, анда бул аягы чоң нерсеге алып келген окуяга айланат. Азыркы бийликке үмүт эткен адамдардын 90 пайызынын үмүтү үзүлөт. Ошонун ичинде меники дагы үзүлөт".

Ал ортодо Башкы прокуратура эгер мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе ал беш жыл мурдагы сот өкүмүнүн негизинде дароо камакка алынарын билдирди.

Журналист Эркин Рыскулбеков "Твиттердеги" баракчасына "Акаевдин орду түрмөдө" деп жазды. Ал өлкө эгемен алган жылдардан бери арыла келбей жаткан маселелерге биринчи президент жооптуу экенин белгиледи.

"90-жылдары менин атам сыяктуу жүздөгөн кыргызстандыктар өкмөткө, мамлекетке ишенип тагдырын сындырганына ушул киши айыптуу деп эсептейм. Бул кишиде эгемен Кыргызстанды оңго, же солго тартып кетүүдө тарыхый чоң миссиясы болгон. Өлкө кайда кеткенин баарыбыз билебиз. "Ал эч нерсе кылган эмес, далилдер жетишсиз" деген туура эмес сөздөр. Конституциянын улам-улам бурмаланып өзгөртүүнүн башында турган ушул киши болгон. 1998-1999-жылдары он чакты жоочу өлкөгө кирип келип Баткенди удургуга салганга дагы Акаев жооптуу. Союз жаңы тарап, андагы мамлекеттер өз ара бир дасторкондун үстүндө келишип жатканда Акаев Алматы жана Москва протоколдорун колдоп Тажикстан жана Өзбекстан менен демаркацияны өткөрүп коюунун ордуна, маселени ошол боюнча калтырды. Мындай мисалдар көп. Учурда Орусияда жүргөн миллионго жакын мигрантыбыз дагы ушул инсандардан улам мекенине келе албай жүрөт".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов буга чейин Аскар Акаевди алып келүү тууралуу айтып келген. Ал соңку окуяларды азыркы бийликтин саясий куугунтукка барбоо тууралуу убадалары менен байланыштырды.

"Биринчи президенттин мекенибизге келгени жакшы иш болду. Ал Садыр Жапаровго ыраазы болгонуна караганда алдын ала маселени сүйлөшүп алып келгендей. Келди, келгени жакшы болду. Эми ошол максатына жетсе Кыргызстандын кызмат адамдарына дагы жардам көрсөтсө жакшы болот. Анын келиши азыркы бийликке упай деп деле айтса болот. Бул бийликтин туура тактикасы экенин адамдар байкашы керек. Жакында эле Садыр Жапаров "мен убактымды саясий куугунтукка коротпойм, пайдалуу ишке, кыргыз элин бириктирүүгө жумшайм" дегендей айтты. Бул консолидацияга, өлкөдөгү жакшы саясий шарт түзүү үчүн ынтымак, биримдик керек. Ошолорду ишке ашырууга Аскар Акаев жардам бере алат деп ойлойм".

Деген менен "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Аскар Акаевдин келишин Кумтөргө байланыштуу тагдыр чечүүчү тарыхый учурда анын Кыргызстанга жардам берүү аракети катары чечмеледи.

"2000-жылдардан бери эле Кумтөр алтын кенин алуу боюнча күрөш жүрүп келет. Кумтөрдү улутташтыруу эгемендик үчүн күрөштүн бир көрүнүшүнө айланды. Кенди улутташтыруу бүгүн өзгөчө мааниге ээ. Улутташтыруу процесси башталды. Аскар Акаевдин Кумтөргө байланыштуу көрсөтмөлөрү Кыргызстанга пайдалуу болушу мүмкүн. Ал Кыргызстанга келип, тергөөнүн суроолоруна жооп берейин, жардам берейин деген ниетин биз кабыл алышыбыз керек. Албетте, бул жерде президент Садыр Жапаровдун териштирүү адилет жана мыйзамдуу болот деп кепилдик бергени ачык. Ансыз Акаев Кыргызстанга келмек эмес. Кумтөрдү эл аралык сотто утуп алуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаланышыбыз керек. Майда-чүйдөлөр менен эсептешип, өчөшүп, куугунтуктап туруп алсак Кумтөрдү дагы уттуруп коюшубуз мүмкүн. Аны экинчи жолу алдырсак жакшы эмес болот. Ал эми Бакиевдин келиши кыйын. Анткени ага кылмыш иши козголуп, соттун акыркы чечимдери чыккан. Акаев менен Бакиевдин шарттары эки башка. Бакиевдин дагы бул маселеде Кыргызстанга жардам берем деген ниети болсо Кыргызстанга келбесе дагы тергөөчүлөрдү өзүнө чакырып, көрсөтмөлөрүн Минскиде туруп берсе дагы болот".

Аскар Акаев Кыргызстанга 2-августта Москвадан учуп келди. Ал Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган жана бийлик алмашуу менен март ыңкылабынан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен. Ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Акаев тергөө менен кызматташуу үчүн келгенин билдирген жана президент Садыр Жапаров менен жолукканын айтып, анын Кыргызстанга келгенине жол ачканы үчүн ага ыраазчылык билдирген.






Загрузка...


Мэр Москвы Сергей Собянин
Москва

Собянин: Искусственный интеллект станет базовой медицинской технологией в Москве


Спорт в Москве
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Москве
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в Москве
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в Москве


Здоровье в Москве


Частные объявления в Москве, в Московской области и в России






Загрузка...

Загрузка...



Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы



Москва

В Москву придут дожди и грозы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net