Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Жогорку Кеңеш 23 адамдын жапырт камалышы боюнча ИИМдин маалыматын угат

0
Жогорку Кеңеш 23 адамдын жапырт камалышы боюнча ИИМдин маалыматын угат

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, 23 адамдын жапырт камалышы боюнча маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды:

"Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат" деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес", - деди Мадумаров.

Депутаттын сунушун айрым кесиптештери четке кагып, маселе 25-октябрда тармактык комитетте каралганы жетиштүү болорун айтып чыгышты. Натыйжада жапыр камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда угууну чечишти.

Башаламандыкка шек саналып жапырт кармоо боюнча 25-октябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын маалыматын уккан. Анда ИИМ кармалгандардын баары айыбы болгону үчүн камалышканын, тергөө жүрүп жатканын айткан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ошто ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 23 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, 22 адам Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Садыр Жапаров 24-декабрда улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о масштабных планах благоустройства на юго-востоке Москвы


Спорт в России и мире
Москва

«Милан» сыграл вничью с «Салернитаной» в Серии А


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Камилла Рахимова вышла в полуфинал турнира WTA-250 в Рабате


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Москвичам пообещали аномальную жару до +29 градусов на следующей неделе





Путин в России и мире
Москва

Путин разорвал договор с олигархами, заключённый в конце 90-х, считает Хазин


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Путин пригласил Лукашенко в Россию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

"Он такое любит". В Киеве рассказали, как генералы обманывают Зеленского


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Бато Багдаев

Кукольный коллектив из Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети, Новости - выступление в дацане на конкурсе по бурятскому языку



Москва

Посол Антонов: США пора смириться с тем, что РФ проводит независимую политику

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net