123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 02.10.2022

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду

Azattyk.org 

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу IV  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди. "Биз бул аманатты Кыргызстандан алдык. Эми Казакстанга өткөрүп берип жатабыз", -  деди ал. Оюндардын жыйынтыктоочу аземине Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев да катышты. Түркиянын... Читать дальше...

Ворух анклавына такалган талаш-тартыш

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында турган Тажикстандын Ворух анклавынын айланасында талаш-тартыш ондогон жыл бою уланып, алардын ичинен 2021-жылы 29-апрелде жана 2022-жылы 16-сентябрда куралдуу аскердик кагылышуу орун алды. Дүйшөмбүнүн жер дооматы Расмий Дүйшөмбүнүн жакында БУУнун Башкы ассамблеясында чек ара чырынын негизги себептерин кыргыз тарапка оодарган билдирүүсү саясий чөйрөдө талкууга түштү. Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек арасы 976 чакырымды түзсө, анын жарымынан көбү же тагыраагы 504 чакырымы такталып бүткөн. Читать дальше...

ДКО: Кыргызстан көкбөрүдөн Казакстанды 5:0 эсебинде утту

Azattyk.org 

Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүдөн Кыргызстандын командасы жеңүүчү болду. Жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 2-октябрдагы финалдык беттеште Кыргызстан менен Казакстандын командасы ойноп, 5:0 эсебинде кыргыз командасы утту. Оюндун 1-таймында кыргыз көкбөрүчүлөрү үч улакты атаандашынын тайказанына салды. 2-таймда дагы эки улак кыргыз командасынын эсебине жазылды. 3-таймда казакстандык улакчылар оюнду улантуудан баш тартып, жеңиш Кыргызстанга ыйгарылды. Читать дальше...



Индонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

Azattyk.org 

Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда чыккан башаламандыкта бери дегенде 174 киши каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди. Дагы 11 кишинин жарааты оор экени айтылды. Түрдүү жараат алгандардын айрымдары ооруканада. Буга чейин 180 киши жараат алганы кабарланган. Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын беттеши 1-октябрда Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өткөн. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыккан жана тыгында көбү тебеленип калган. Читать дальше...

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан көкпардан жеңүүчү болду

Azattyk.org 

Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар (жер улак) боюнча таймаштарда Казакстандын командасы жеңүүчү болду. Жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 2-октябрдагы финалдык беттеште Кыргызстан менен Казакстандын командасы ойноп, 3:4 эсебинде казак командасы утту. Оюндун 1-таймы 2:2 эсебинде аяктаган жана 2-таймда казак көкпарчылары эки улакты чийимге таштаса, кыргызстандыктар бир улакты чийимге жеткирген. Өзбекстан бул таймашта 3-орунду ээледи, алар 3-орун... Читать дальше...

Берлинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштын кесепети талкууланды

Azattyk.org 

Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев немис Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ɵз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды. Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Өмүрбек Текебаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуу жана анын калкка тийгизген кесепети тууралуу маалымат берди. Читать дальше...

Чындыкты, эмгекти туу туткан чемпиондор "Азаттыкта"

Azattyk.org 

Белграддагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар эки алтын, үч коло байге алышты. Грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону аталды. Амантур Исмаилов коло медал тагынды. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов коло байгеге ээ болду. Балбандар "Азаттыкка" мелдештен алган таасирлери менен бөлүштү.

Чек ара жаңжалында талкаланган 134 үйдүн орду урандыдан тазаланды

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды. Анын 67си Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарында, 19у Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан. Буга чейин ӨКМ Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылганын кабарлаган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку... Читать дальше...



ДКО: Алыш күрөшүнөн Кыргызстан тогуз алтын байге алды

Azattyk.org 

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык балбандар Алыш бел боо күрөшүнөн тогуз алтын, төрт күмүш жана алты коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 1-октябрда Алыш бел боо күрөшүнүн эркин жана классикалык түрлөрүнөн таймаштар өттү. Алтын байгелерди Алыштын эркин түрүнөн кыз-келиндер арасында Элзада Момунжанова (55 кг), Нурзада Мыктыбек кызы (65 кг), Нурзат Бактыяр кызы (70 кг), Нагира Сарбашева (+75 кг)... Читать дальше...

Севастополдогу Бельбек аскерий аба майданында жарылуу болду

Azattyk.org 

Севастопол шаарындагы Орусиянын Бельбек аскердик аэродромунда ири өрт катталып, жарылуунун добушу угулду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жана Телеграмм-каналдар жазды. Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Севастопол калаасынын башчысы Михаил Развожаев учак аэродромго конуп жатып учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткенин жана "ок-дарылар жарым-жартылай жарылганын" билдирди. Развожаев учкуч чыгып кетүүгө жетишкенин кошумчалады. Анын айтымында, өрт тез арада өчүрүлгөн, аэродромдун инфраструктурасы жабыркаган эмес. Читать дальше...

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты. Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды. "Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу... Читать дальше...

Кумтөр: алтын маселесин депутаттык жана коомдук комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Кумтөр кениндеги соңку жагдайды жана алтындын сатылышын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлүп, анын төрагасы болуп саясатчы Азимбек Бекназаров шайланды. Мунун алдында алтын экспортун териштирүү үчүн депутаттык комиссия дагы түзүлгөн эле. Айрым эксперттер алтын сатуудагы бүдөмүк жагдайлар такталып, ынанымдуу жооп болбосо, бул маселе саясатташып кетиши ыктымалдыгын эскертишет. Азимбек Бекназаров баштаган коомдук комиссияга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков, Рамазан Дырылдаев... Читать дальше...

Польша Беларус менен чек арасына дубал курду

Azattyk.org 

Польша Беларус менен чек арасына дубал тургузуп бүткөнүн Польшанын атайын кызматынын өкүлү Станислав Жарин билдирди. "Учурда Польшага мыйзамсыз кирүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө Европадагы эң коопсуз чек ара Польшаныкы", - деп жазды ал Твиттерге. Дубалды тургузууга болжол менен 1,6 млрд. злотый же 330 млн. евро сарпталды. Чек арадагы тосмону куруу иштери Беларус аркылуу Европага мигранттардын агымы кескин күчөгөн учурда, 2021-жылдын күзүндө башталган. 2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп... Читать дальше...

Индонезиядагы футбол беттешинде 127 адам каза болду

Azattyk.org 

Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда 127 адам каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди. 180 адам ар түрдүү жараат алышты. Жеңилген команданын күйөрмандары футбол аянтчасына чуркап чыгышып, тыгында көбү тебеленип калган. Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын оюну Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өттү. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгышкан. Полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу... Читать дальше...

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырышты

Azattyk.org 

Кыргызстандык альпинисттердин тобу Гималайдагы бийиктиги 8163 метр болгон Манаслу чокусун багындырышты. Бул тууралуу улуттук экспедициянын катышуучусу Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Альпинисттер Манаслуга кыргыз желеги менен үч килограммдык "Манас" эпосун алып чыгышты. Буга чейин Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Непал бийлиги альпинисттердин Манаслуга чыгуу демилгесин жактырганын билдирген. Ошондон кийин курамында жети альпинисттен турган... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA отреагировала на суперкамбэк Елены Рыбакиной


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Швеция хочет ограничить доступ в Балтийское море российским танкерам





Путин в России и мире
Москва

Кремль: в Москве 22 апреля состоится встреча Путина с Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Бутман: не стоит обращать внимания на выбранную МОК музыку для россиян на ОИ



Москва

Пять новых пешеходных тропинок появятся во Фрязино

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net