Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Дастан Бекешев активисттер менен саясатчылардын камалышын сынга алды

0
Дастан Бекешев активисттер менен саясатчылардын камалышын сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан саясатчылар жана активисттердин камалышын сынга алды. Мындан кийин эркин маалымат каражаттарына асылуу башталарын белгиледи. 

Саясатчы Телеграм-каналында депутат кармалгандардын бөгөт чарасын түнү бою караган сотту сынга алды.

"Мени тынчсыздандырганы - сот түнү менен таң атканча отуруп, улгайып калган аялдардын бөгөт чарасын караганы. Мисалы, Асия Сасыкбаева 71 жашта, Гүлнара Журабаева 63 жашта. Албетте, сотто өзүнүн эмес, кыйла жогору жактан чыгарылган чечим кабыл алынды. Мени баарынан ушул кабатыр кылып жатат. Биздин өлкө мындан ары кантип жашайт? Ишенип турам, булардан кийин эркин маалымат каражаттарына асылат", - деп жазды Дастан Бекешев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрга караган түнү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин, Рита Карасартованын камак мөөнөтү 21-декабрга чейин деп белгиленди.

Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты.

Чечим чыккандар:

1.Азимбек Бекназаров

2.Асия Сасыкбаева

3.Али Шабдан

4.Рита Карасартова

5.Айданбек Акматов

6.Равшан Жээнбеков

7.Кубанычбек Кадыров

8.Чыңгыз Капаров

9.Перизат Суранова

10.Кеңешбек Дүйшөбаев

11.Нурлан Асанбаев

12.Эрлан Бекчоро уулу

13.Айбек Бусурманкулов

14.Таалайбек Мадаминов

15.Улукбек Маматаев

16.Гүлнара Журабаева

17.Клара Сооронкулова

18.Бектур Асанов

19.Талант Эшалиев

20.Жеңиш Молдокматов.

Бүгүн, 25-октябрда активист Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралары кабарланган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин


Спорт в России и мире
Москва

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Биологи столицы рассказали, каких животных фотоловушки снимают чаще всего





Путин в России и мире
Москва

Передовые идеи. Что известно об Андрее Белоусове


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Марина Василевская передала Александру Лукашенко флаг Беларуси, побывавший на МКС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Святая миссия русского солдата


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Оззи Осборн

Оззи Осборн назвал Тони Айомми лучшим гитаристом, с которым он когда-либо играл



Москва

Тайны актрисы Ирины Гриневой

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net