Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Акылбек Жапаров: Биз сөз эркиндигин толук колдойбуз

0
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз эркиндигин толук колдой турганын бүгүн, 13-октябрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ошону менен катар ал өлкөнүн бүтүндүгүнө, биримдигине залака тийгизиши ыктымал аракеттерден этият болуу керек деген оюн кошумчалады:


“Биз сөз эркиндигин толугу менен колдойбуз. Бирок биз социалдык тармактардын колдонуучуларынан, маалыматтык сайттардан суранып жатабыз, жерибиздин бүтүндүгүнө, элибиздин биримдигине доо кетпесе эле калганы ким эмнени айтат - ар бир кишинин өзүнүн эрки. Бирок биз эки маселеде сак болушубуз керек. Өзгөчө чек ара ишине аяр мамиле кылышыбыз зарыл. Анан элди биримдикке чакырып, өкмөт элди багыш керек”.


13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тан ашык киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты.


Алар аталган медиалар туура эмес маалымат берип жатат деген пикирин билдирип, чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин айтышты.



Акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган катышуучу 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон, 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин коррупцияга барганын моюнуна алып камалып чыккан Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына чыгып жүргөнү менен белгилүү. “Азаттык” радиосу ага чейин Матраимовдун тиешеси бар жемкорлук иштери тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жарыялаган.



Бүгүнкү акцияда Исраилов аталган медиалардын жабылышы үчүн кол топтой турганын, кийинки келгенинде кабарчыларга күч колдонууга чейин барарын айтты.



Журналисттер акциянын катышуучуларын видеого, сүрөткө тарталы десе, баары бетин жаап, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.



Көз карандысыз журналист Али Токтакунов бул акцияны "ууру митинг" деп сыпаттап, "А булар турушу менен эле арам ойлуулардын айдакчысы экенин далилдешти. Демек "Азаттык", "Клооп", "Кактус" баштаган журналисттер дагы бир уурунун сары изине түшкөн экен. Демек журналисттер чын сүйлөп, коррупционерлердин уурдаган акчасы сиңбей аткан экен. Демек журналисттер чек ара сыяктуу талылуу маселени унуттурбай жазып, элдин таламын талашып аткан экен. Же журналисттер жериңди сатып, элиңди атып жатабы?

Урматтууларым, тандагыла - ууру мененсиңерби, же эл мененсиңерби?" - деген пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.



12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова "Клооп", "Азаттык" жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.  (BTo)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net