Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2022

Ислам шериктештиги оюндары: Айпери Медет кызы алтын медал тагынды

0
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы алтын медал тагынды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Медет кызы 12-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда Кот-д Ивуардын спортчусу Айюин Эмини 10:0 эсебинде утту.


Айпери финалга чейин үч атаандашын уткан. Айлампа тартибинде өткөн таймаштарда алгач дал ушул финалда күрөшкөн Кот-д Ивуардын балбаны Айюин Эмини, 2-айлампада индонезиялык Хидаят Варадиса Септи Путрини, андан соң жарым финалда түркиялык Мехтап Гултекинди (10:0) утуп, финалга чыккан.



Бул күнү Айпери Медет кызынан сырткары кыргызстандык балбандар үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту.



Грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта Тынар Шаршенбеков финалда ирандык Ширзад Али Бехештитала менен беттешип, эки упай айырмасында жеңилип (2:4), күмүш байгеге ээ болду. Шаршенбеков 1/4 финалда алжирлик Абделжебар Жеббарини, жарым финалда түркмөнстандык Азат Ачиловду утуп финалга чыккан.






86 килограмм салмакта Калидин Асыкеев финалда азербайжандык Рафик Хусейнов менен беттешти. Асыкеев таймаштын алгачкы бөлүгүндө үч упай алып алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө азербайжандык балбан алты упайлык ыкма жасап, жеңүүчү аталса, Асыкеевге күмүш байге тийди. Калидин Асыкеев 25 жашта. Азия чемпионпатынын күмүш байгесинин ээси. Анын атаандашы Рафик Хусейнов 34 жашта. Дүйнө чемпионатынын алтын жана күмүш, Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси. Европанын үч жолку чемпиону.

Калидин Асыкеев бул мелдеште алгач өзбекстандык Мухаммодкодир Расуловду, жарым финалда иорданиялык Ейд Султан Али Мохд Даменди жеңип, финалга чыккан.



97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков финалда өзбекстандык Рустам Ассакалов менен күч сынашып, эки упай айырмасында жеңилип (1:3), күмүш байге алды. Жусупбеков ага чейин алжирлик Адем Боужемди, 1/4 финалда түркмөнстандык Айбегшахзада Курраевди, жарым финалда ирандык Мехди Балихамзехдени утуп (7:3) финалга чыккан.


Андан сырткары күрөштүн бул түрүнөн 72 килограмм салмакта Бек Коңурбаев түркиялык Даг Муратка жеңилип, байгесиз калды.


Кыз-келиндер күрөшүнөн 65 килограмм салмакта Дилназ Сазанова коло байге үчүн камерундук Емилиенне Етане Нголле Берте менен беттешип, 8:2 эсебинде жеңишке жетти.



V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган. Ушул учурда Кыргызстандын эсебинде үч алтын, төрт күмүш жана бир эки коло байге бар.



Буга чейин алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) алса, күрөштүн ушул эле түрүнөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло байгеге ээ болгон.



Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net