Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айгерим Турдалиеванын маалыматына караганда, Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды (1 мүнөт 0,54 секунд). Экинчи жана үчүнчү орунда түркиялык спортчулар келишти. Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду. Ал... Читать дальше...