Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Асанбаевдин иши: жакындары өз жанын кыйганына ишенбейт

0
Асанбаевдин иши: жакындары өз жанын кыйганына ишенбейт

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза тапкан мурдагы банк кызматкери Бакыт Асанбаевдин сөөгү 19-июнда Чүй облусунда жерге берилди. Анын туугандары маркумдун асынып алганына ишенбейт жана көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда.

Атайын кызмат "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Асанбаев тергөө абагында асынып алган абалда табылганын кабарлаган.

"Аны башка камерага которушкан"

Сайкал Айдаралиева маркум Бакыт Асанбаевдин жубайы. Экөө төрт баланы тарбиялап жаткан. Күйөөсү банк тармагында жалпысынан 21 жыл иштеген жана жөнөкөй кызматкерден тартып жетекчилик кызматка чейин өз мээнети менен жеткен. Жубайынын айтымында, үй-бүлөсү анын жакынкы күндөрү тергөө абагынан чыгарына ишенип саат санап, күн эсептеп күтүп жаткан.

"Буга чейин Кочкордо, Ат-Башыда, Жалал-Абадда иштеди. Өз күчү менен көтөрүлгөн, башкармалыктын башчысынын орун басарлыгына чейин жеткен. Бул кызматта 2,5 жылдай отурду. Келишими үч жылдык болчу, бирок 2,5 жылдан кийин эле токтотуп коюшкан. Бакытка "коррупция" менен кылмыш ишин козгоп, камашты. Ага 30-апрелде эки айга камоо тууралуу санкция беришкен. Ал өз өмүрүнө кол салбайт болчу. Мен тергөө абагында отурганда ага үч жолу жолуктум. Бир тууган иниси бир жолу кирди. Анын маанайы жакшы болчу, өзүнүн ак экенине ишенип сотто күнөөсүз экенин далилдей аларына ишенип отурган. Суицидге барды деген жалган. Биздин төрт балабыз бар, кичүү балдарыбыз эгиз, 10 чыкты. Кызыбыз 11де, улуу уулубуз 15ке чыкты. Жолдошум күчтүү адам эле. Азыр суицид болгон деп мойнуна илип жатышат. Мен буга такыр ишенбейм".

Сайкал Айдаралиева күйөсүнүн өлүмүнүн жагдайынан шек саната турган бир катар учурлар бар экенин айтып жатат.

"Ал чыгарына аз калганда аны башка камерага которушкан экен. Ал которулган камерасы мурункусуна караганда чоң экен. Ошол жерден түндө үч баланы чыгарып кетиптир, жолдошум жалгыз калган экен. Ошол маалда муунуп алган дейт. Бул жалган. Жолдошум мени, балдарымды таштабайт болчу. Аны өлтүрүп коюшту деп эсептейбиз. Жети кабыргасы, акыреги сынган экен. Колдору, арты көгала экен, Жасалма дем алдырганда деле кабырга сынып кетпейт да. Бакыт чыгарына аз калганда аны башка камерага которушканы бизге табышмак болуп жатат".

УКМК билдирүүсү

УКМК Бакыт Асанбаев жанында эч ким жок кезде өз өмүрүнө кол салганын, ошол маалда аны менен чогуу отурган айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатканын билдирген.

"2022-жылы 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев камерасында асынып алган абалда табылган. Ага жабык жайдын кызматкерлери жана камералаштары биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бакыт Асанбаев абакта санитардык блокко, анын жанындагы үч шектүү эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылган. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан, камералардын эшиги дайыма ачык болгон. Камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. Асанбаев өз жанын кыйган учурда жанындагы айыпка шектүүлөр башка камерада намаз окуп жатышкан", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

"Күнөөсүз экенин далилдей аларына ишенип жүргөн"

Бакыт Асанбаевдин адвокаты Нур Кылчыкбаева Бакыт Асанбаевге акыркы жолу 14-июнда жолуккан жана 17-июнда жума күнү тергөөчүгө коррупция беренесин шалаакылыкка өзгөртүп ишти тергөөдө кыскартуу тууралуу арыз берген.

"Тергөөдө Бакыт күнөөсүн мойнуна алган эмес. Камалган алгачкы күндөрү маанайы суз болуп жүргөн. Бирок соңку күндөрү өзүн кыйла чыйрак, чапчаң сезип, ишти түшүнүп, "коррупция" беренеси менен күнөөсүз экенин сотто далилдей аларына ишенип жүргөн. Мен ага акыркы жолу 14-июнда, эртең менен жолуккам. Мен анда тергөөдө аныкталганына байланыштуу "коррупция" беренесин "шалаакылыкка" алмаштырып, ишти тергөөдө эле кыскартуу боюнча арыз берердин алдында жолуккам. Арызды тергөөчү бешинчи күнү кабыл алган. Ишембиде ишти сотко жөнөтөбүз деген. Тергөөчү арызды жарым-жартылай канааттандырган. Бакыт бул тууралуу билген".

Адвокат Кылчыкбаева Асанбаев менен чогуу камерада отургандарды күбө катары суралганда катышкан. Анда Асанбаев ошо күнү адаттагыдай эле жүргөнүн айтып беришкен.

"Ошол күнү чогуу чай ичип, жакшынакай эле маанайда болчу дейт. Жанында кыргызча да, орусча да жакшы түшүнбөгөн түрк бар экен. Эмне боюнча сүйлөшүкөнүн сураганда иш сотко өтсө, бир-эки күндө чыгам деп жүргөнүн айтып беришти. Алар намаз окуп отурганда "калдырт" деген үндү уккан экен. Бирок маани бербей отура беришиптир. Абак кызматкери келип "жардамга" деп чакырганга чейин отура беришкен экен. Ал эмне себептен башка камерага которулду деген суроо коюлду. Булардын мөөнөтү аяктап бара жатат деген негизде которулду деп жооп беришти. Тергөө жаңы эле башталды, мен азыр бул тууралуу эч нерсе айта албайм".

Башкы прокуратура Асанбаевдин өлүмүн Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштире баштаганын, тергөө изоляторундагы видео байкоо жазуулар алынып, кызматкерлер сурак берип жатканын кабарлады.

Көз карандысыз экспертиза талабы

Башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддинов "текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип, юридикалык баа берилерин" белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү кечке жуук саясат таануучу Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн бейтарап изилдөө үчүн комиссия түздү.

Маркумдун бир тууган иниси Максат Асанбаев көз карандысыз экспертиза жүргүзүлүшү керектигин айтып жатат.

"Агам камалганга чейин тергөөгө барып жүргөн экен, бизди сарсанаа болбосун деп айткан эмес экен. Мен ага туура эки жума мурун кирип чыккам. Абалы абдан жакшы болчу. Иштеп жүргөндө аябай чарчаңкы абалда жүрөт эле. Биз жолукканда абдан жакшы сүйлөшкөнбүз. Комиссия түзүлгөнүн сиздерден угуп жатам. Биз деле, көп адамдар деле анын асынып алганына ишенбей турат".

Ушул жылдын башында, февраль айында "Айыл банктын" мурдагы төрт кызматкери "насыя берүүдө коммерциялык тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн туруктуу коррупциялык схема түзгөн" деген айып менен кармалган. Бирок алардын катарында Асанбаевдин ысымы жазылган эмес.

"Айыл банк" Асанбаевдин көз жумганына байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты. Анда "банктын мурдагы кызматкери Бакыт Асанбаев дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын жакындары менен тең бөлүшөт. Бакыт Рысбекович биздин эсибизде адамкерчиликтүү ак пейил мүнөзү менен сакталып калат. Маркумдун ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!", - деп жазылган.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү атайын кызматка, анын төрагасы Камчыбек Ташиевге сын-дооматты күчөттү. Буга чейин оппозиция анын отставкасын талап кылган. Ташиев азырынча үн ката элек. Башкы чекисттин тарапташ-санаалаштары аны күнөөлөгө негиз жок экенин айтып келишет.

Өткөн аптада атайын кызматтын тергөө абагында отурган Казакпаев “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, бир күндөн кийин 10-июнда өзүнө келбей каза тапкан.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС


Спорт в России и мире
Москва

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Четыре города ЦФО вошли в федеральный топ-10 по качеству жизни





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Бато Багдаев

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ



Москва

Более 6 тыс жителей Московского региона приобрели техсредства реабилитации

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net