Азия чемпионаты: жаш балбандардын дүбүртү
Бишкекте 17 жашка чейинкилер жана 24 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 чейинкилер арасындагы күрөш 22-июнда жыйынтыкталды. Бул ирет кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.