Кыргызстанда желим баштык колдонууга тыюу салуу сунушталды
Мыйзам долбоорду иштеп чыккан депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, документ полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыянын азайтууну көздөйт. Ага ылайык, өлкө аймагында бир жолу колдонулчу желим баштыктарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталууда.
Буга чейин айрым депутаттар Ысык-Көлдүн аймагына желим баштыктар менен идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташкан.
Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы 2019-жылы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарарын жарыялады. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.(BkA)
