Милиция Кадамжайдагы кырсыкты териштире баштады
Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталганын Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлаган. Алдын ала берилген маалыматка караганда, аталган айылдын Өзбекстан менен чек арадагы жердеги “Чечме” өткөрүү постунда оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, өткөрүү постундагы имарат менен токтоп турган машинелерди сүзүп өткөн.
Социалдык тармактарга кырсык болгон жерден видео, сүрөттөр тарады. Анда бир нече машина жараксыз абалга келгенин көрүүгө болот.
Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.
2022-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алганын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирген. (КЕ)
