Аламүдүндө "Арашан" койлорунун эл аралык көргөзмөсү өтүүдө
Бүгүн, 29-майда Чүй облусунун Аламүдүн районунуна караштуу Көк-Жар айылында "Арашан" коюнун эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Казакстан, Өзбекстандын фермерлери, Арашан жана жеке фермерлеринин ассоциациясы жана тажрыйбалуу малчылар катышкан. "Көргөзмөнүн максаты кой чарбасын жайылтуу, тажрыйба алмашуу, сандан сапатка өтүү. Көргөзмөнүн алкагында асыл тукум "Арашан" койлорунун салмагы боюнча сынак өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...