Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Зомбулуктан дагы бир аялдын өмүрү кыйылды

0
Зомбулуктан дагы бир аялдын өмүрү кыйылды

Ысык-Көл районунун Бостери айылында токмоктолгон 44 жаштагы аял каза тапты. Милиция кылмышка шек санап маркумдун күйөөсүн кармады. Адам өлүмүнө жеткирген бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук темасын кайрадан күн тартибине чыгарды.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына ылайык, күйөөсүнөн токмок жеген аял райондук ооруканага 10-майда жаткырылган. Денеси көгала болуп, мээси чайкалган аял 11-майда эсине келбей каза болгон.

Милиция бул окуяга байланыштуу шектүү катары аялдын 50 жаштагы күйөөсүн кармады. Мекеменин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов окуя тууралуу кыскача маалымат берди. 

“Кылмышка шектүүнү суракка алган учурда, ал 9-майда мас абалында болгонун, кечки саат 8-9дар чамасында аялын сабап, башка жана курсакка бир нече жолу урганын айткан. Аялы эс-учун жоготуп жыгылган экен. Күйөөсү болсо уктап калганын айтууда.  Эртең менен турган уулу апасынын жерде жатканын көрүп "Тез жардам" чакырган”.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук милициясы териштирип жатат. Маркумдун күйөөсү кылмышка шектүү катары учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камоочу жайында отурат.

Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Милициянын маалыматына караганда жубайлардын бойго жеткен үч баласы бар.

Бостери айыл аймагынын башчысы Курманбек Сопуев үй-бүлө башка жактан келип, айылда убактылуу жашап жатканын гана айтты. 

Акыркы жылдары күйөөсүнүн таягынан жантаслим болгон аялдардын саны көбөйүүдө.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда соңку алты жылда эле жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан. Көбү үрөй учурган окуялардын курмандыгы болгон.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.

Мындай өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Акыркысы парламенттин 6-чакырылышында каралып, анда депутаттар мындай кылмышка айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алган.

Мыйзам токугандар арыздардын дээрлик 90% ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин белгилешкен. Мындан улам жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылышы тийиш экени көрсөтүлгөн.

Депутат Дастан Бекешев бул демилге аягына чыкпай калганын, учурда зомбулукка байланыштуу башка долбоор даярдалып жатканын кеп кылды.

“Ошол бойдон калып кетти. Кийин кодекстер кабыл алынбадыбы. Ага кирдиби же жокпу, билбейм. Бирок азыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзам долбоору кайра даярдалып жатат. Жакынкы бир ай ичинде коомдук талкууга алып чыгабыз. Анда айыпталуучу сөзсүз эркинен ажыратылышы керек деген пункт каралган. Тактап айтканда, ал айып пул төлөп же шарттуу кесилип, жоопкерчиликтен кутулуп кетпейт”.

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган активисттер жазаны катаалдаштыруу зарыл экенин дайыма белгилеп келет. Азыркы мыйзамга ылайык, аялын ур-тепкиге алган эркек ашып кетсе бир канча суткага камалып же айып төлөп, боштондукка чыгып кетет.

 

Зомбулукка каршы күрөш жана коопсуздук маселеси козголгондо адатта милиция кызматкерлеринин ишине сын көп айтылат.

Юрист, “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айсулуу Айтбаева аны мындайча чечмеледи.

"Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзамдар жетиштүү. Бирок толук иштебейт. Анын аягы коррупцияга барып такалат. Биз ушуну жойсок, зомбулуктун кесепетине да бөгөт коет элек. Мындан тышкары биздин менталитет да таасирин тийгизет. Күйөөсүнүн таяк жеген аял чыдап жүрө берет. Кордук көргөн аялдарды мамлекет камкордукка албайт. Ага өкмөткө караган бир дагы кризистик борбор жок экени мисал".

"Аялын сабоо - жапайычылык": зомбулукту сындаган эркектер - "Аялзат" подкасты:

 

Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын белгилеген.

Зомбулук фактыларынын арасынан 8 миңден ашууну сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о мерах поддержки предпринимательства в Москве


Спорт в России и мире
Москва

Футболисты «Локомотива» – в расширенном составе сборной России на июньский сбор


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Диего Шварцман: «Два чилийца в полуфинале в Риме. Шесть латиноамериканцев в топ-30. А ATP в следующем году уберет один из турниров в Южной Америке»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о энергоэффективной постройке жилья в России





Путин в России и мире
Москва

Трамп прокомментировал визит Путина в Китай


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Шесть городов Белоруссии и Азербайджана стали побратимами




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Europe1: Запад готовится убедить Зеленского принять принцип переговоров


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Шнуров

Mash: певец Сергей Шнуров задолжал ФНС больше 4,5 млн рублей



Москва

Хуснуллин о коридоре «Север–Юг»: Планируем максимально развивать водные пути через Волгу

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net