Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Жапаров мамлекеттик ишканаларды Санарип министрлигине өткөрүү себебин түшүндүрдү

0
"Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканалар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Министрлер кабинетин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн максаты учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу.


Акылбек  Жапаров "Дастан" заводунун базасында өлкөдөгү ири дата-борбор түзүү, "Альфа Телеком" жана Евразия сактык банкынын калкка финансы-технологиялык кызмат көрсөтүүчү биргелешкен долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.


"Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникалык базасы жок. Мен мурда Финансы министрлигинде түзгөн "Инфоком" ишканасын республикалык деңгээлге чыгардык деп коюп эле жумуш такыр жүрбөй жатат. Азыр болсо жаңы финансылык технология өнүгүүдө. Бардык ресурсту бир жерге топтоп, "Альфа Телеком", "Кыргыз телеком", "Кыргыз почтасы", Евразия сактык банкы биргеликте иштеп, "Дастандын" базасында дата-борбор түзөлү деп жатабыз. Биз Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп баштасын деп материалдык-техникалык базасын чыңдайбыз",-деди Жапаров.


Ал бул долбоорду Алексей Ширшовдун схемасы деген сындарга четке кагып, өкмөт көптөн бери пландап келе жатканын билдирди.


"Биз муну мурдатан эле даярдап келе жатканбыз. Биздин өкмөттүн өнүгүү программасында бар. Кимдир бирөөнүн схемасы дегенди ошол айтып жаткан адамдардан тактабасак, мен билбейт экенмин. Кандай схема болушу мүмкүн? Мурда айтса болот эле, азыркы санариптик доордо баары ачык көзгө көрүнүп турбайбы",-деп кошумчалады Жапаров.


"Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканалардын Мамлекеттик мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигин карамагына өткөрүү боюнча токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-майда кол койгон. Бул кадам мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында деп жазылган.


Бул кабар ачыкка чыккан соң бир катар оппозициячыл саясатчылар долбоор жакында кармалып, үй камагына бошотулган Алексей Ширшов менен байланышта болушу мүмкүн деп сындап чыгышкан. Алар "Дастан" заводун буга чейин башкарган Ширшовдун санариптик өнүктүрүү министри Талант Мамытов менен байланышта экенин айтып, мамлекеттик ишканалар коррупциялык схемага айланбайбы деп чочулап жатышат.(BkA)






 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net