Кузбасста көмүр шахтасында чыккан өрттөн кеминде тогуз киши мерт болду
Кузбасстагы «Листвяжная» көмүр шахтасында жардыруунун айынан өрт чыкты. Бул тууралуу «Интерфакс» жана ТАСС агенттиктери Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жазды.
Маалыматка караганда, шахтадагы кырсыктан тогуз киши каза болду. Айрым маалымат каражаттары каза болгондордун саны 11ге жеткенин айтышууда.
Кемеров облусунун губернатору Сергей Цивилевдин айтымында ооруканага жараат алган 43 киши жеткирилген. Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор.
Жардыруу болгон учурда жер астында 287 киши болгон. Алардын көбү куткарылганы менен азыр 48 шахтер жер алдында калууда. Азырынча аларга шахтаны каптаган түтүндүн айынан жетүүгө мүмкүн болбой турат.
Жардыруунун себептеринин бири катары вентиляциялык шахтадагы көмүр чаңынын тутанып кетиши айтылууда.