Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Шайлоо эрежеси: аялдарды камтама кылган квота

0
Шайлоо эрежеси: аялдарды камтама кылган квота

Алдыдагы парламенттик шайлоодо аял депутаттар аз келип калышы мүмкүн. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорунда аялдардын 30% квотасы сакталганы менен партиялык тизме менен 54 гана депутат шайланат. Ал эми серепчилер бир мандаттуу 36 округдагы шайлоодо аялдар жеңип чыгышы оор экенин айтууда.

28-июлда парламент үч окууда кабыл алган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен преференциалдык ыкма аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Партиялык тизмеде аялдардын 30% квотасы бар. Жалпак тил менен түшүндүрсөк, бир партияга парламенттен 10 орун тийсе, анын 3 мандаты аялдарга берилиши керек. Ошондо, беш-алты партия жеңип келген шартта парламентке 15-20 аял депутат келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова шайлоо сайын парламентке келген аял депутаттар азайып баратканын белгилеп, гендердик теңчилик сакталган система түзүлбөй жатканын сындады.

“Бириккен Улуттар Уюмунун 193 мүчө өлкөсүнүнүн 120сында квота сакталган. 2005-2006-жылдары Жогорку Кеңеште бир дагы айым депутат болгон эмес. 2007-жылы 25%, 2010-жылы эң көп аял депутат келген. Анда 23% же 28 аял депутат болгон. 2016-жылдан баштап төмөндөө башталган. Анда 15% эле болгон. Кыргызстан социалдык көйгөйлөрдөн башы чыкпаган өлкө. Ошол маселелерди чечүүгө аялдар көбүрөөк катышып жатат”, - деди депутат.

Аялдардын квотасын азайтуу демилгеси

28-июлда Жогорку Кеңеште гендердик теңчилик боюнча талаш жаралды. Аял депутаттар талапкерлердин ар бир үчүнчүсү аял болушу керек деген сыяктуу сунуштар менен чыгып, Жогорку Кеңеште депутат кыз-келиндердин көбөйүшүнө шарт түзүү керектигин айтышты.

Талкууда депутат Аманкул Токтомамбетовдун парламентте аялдардын квотасын азайтуу керек экенин билдирип, “Жогорку Кеңеш "Кыз-Бурак" ансамбли болуп калат” деген сөзү айрым кесиптештеринин, коомчулуктун кескин сынына кабылды.

Депутат Айсулуу Мамашова социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине парламенттеги аял эл өкүлдөрүнүн салымы зор экенин белгилеп, кесиптешинин аял депутаттарды ырчыга салыштырып сүйлөгөнүн сындады.

Мамашова дагы 7-чакырылыштагы парламентте ашып кетсе 15 аял депутат болот деген божомолго кошулат.

“Бир мандаттуу 36 округдан аялдар өтүп келе албайт. Мурунку чакырылыштагы тажрыйба көрсөткөндөй бир мандаттуу округдан бай, таасирдүү эркектер гана өтөт”, - деди Мамашова.

Эмне үчүн аялдардан депутат болгону маанилүү?

Учурда парламентте 120 эл өкүлүнүн 19 гана аял депутат. Партиялык тизмеде аял депутаттардын квотасы сакталбай, депутаттык ордун тапшырып кеткен аялдардын ордуна эркектер келген. Укук коргоочу Динара Ошурахунова Жогорку Кеңешке кыз-келиндердин көп келиши үчүн толук партиялык система менен шайлоо мыйзамдарын кескин өзгөртүү керек деп эсептейт.

“Негизи ар бир үчүнчү, керек болсо экинчи талапкерди аял кылышыбыз керек. Квотаны 50% жеткирүү керек. Себеби, жарандык коомдун өкүлөрү көбүнчө аялдар. Алар лидер, принцип менен иштеген, мыйзамдуулукту колдогондор. Ошолор парламентке келсе болмок”, - деди укук коргоочу.

Буга чейин президент Садыр Жапаров мыйзам аркылуу аялдарга берилген квотаны кубаттай турганын билдирген жана жергиликтүү деңгээлде чечим чыгарууда гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгилеген.

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже 2021-жылдагы жергиликтүү шайлоолордо алгачкы ирет колдонулду. Жыйынтыгында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын үлүшү мурдагыдай 10% эмес, 39% жогорулады. Жалпы 7 560 мандаттын 2 931и аялдардын энчисине тийген.

Кыргызстанда ушул тапта аялдардын саны 3 миллион 300 миңден ашат. Аялдар шайлоочулардын жарымынан көбүн, тагыраагы 52% түзөт.

Парламент кабыл алган шайлоо мыйзамындагы дагы бир өзгөчөлүк - преференциалдык система. Башкача айтканда, шайлоочу алгач бюллетендеги партияны, андан кийин анын ичиндеги талапкердин номурун тандайт.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал об обновлении велотрека в Крылатском


Спорт в России и мире
Москва

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Красноярский музыкальный театр представил проект театральной экосистемы будущего





Путин в России и мире
Москва

Что лучше для СССР и РФ сегодня: Брежневский застой или Путинский капитализм, а как думают советские люди


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Желдорреммаш

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков



Москва

Зампреда патриотического движения «Зов Народа» Еговцева убили возле его дома

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net