Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

COVID-19: Депутаттын иниси менен байланышкандардын алгачкы анализдери таза чыкты

0
COVID-19: Депутаттын иниси менен байланышкандардын алгачкы анализдери таза чыкты

Коронавирус жугузуп алган Айбек Тотонов аттуу жаран менен жакын байланышта болгон 26 адам үй карантинге алынды. Алардан алынган алгачкы анализдер таза чыкты. Бул туурасында «Азаттыкка» Жалал-Абад шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди. Анын айтымында Тотонов Токтогулдагы үйүнө коронавируска байланышкан карантин эрежелерин бузуп келген.

«Ал Таластагы «Чоң капка» карантиндик постунан Ош шаарына кете турганын айтып өткөн, - деди ал. - Ошко жетпей Токтогулдан түшүп калган. Анын алгачкы анализдеринин жыйынтыгы кандайча алынганын билбейбиз. 18-майда гана бизге андан коронавирус табылганы боюнча маалымат түштү. Ага чейин ал өз үйүндө жашаган квартиранттар менен байланышта болгон. Кайын журтуна барып, үй-бүлөсү жана башка адамдар менен байланышкан. Айбек Тотонов өзү кол коюп таанышкан үй карантин эрежелерин толук сактаган эмес».

Маалыматка караганда, Айбек Тотонов 18-майдан бери Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат.  Ал Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууган иниси экени кабарланды. «Азаттыктын» депутаттын өзүнөн комментарий алуу аракети жыйынтык бере элек.

19-майда «Kaktus.media»  сайтына берген комментарийинде депутат Тотонов инисинин дарегине айтылган сындарды четке каккан. Бир тууганы Кыргызстандын аймагына өткөндөн кийин ПЧР-тест тапшырып, таза чыккандан кийин гана Талас аркылуу үйүнө кеткенин, андан кийин үй карантининде болгонун айткан. Анализдин жыйынтыгын журналисттерге көрсөткөн. Кийинки күнү кайра тапшырган тести вирустун бар экенин көрсөткөнүн кошумчалаган. Коомдогу пикирлерди өз дарегине карата «кара пиар» катары баалаган.  

Буга чейин 16-майда Орусиядан келген жүк ташуучу автоунаа менен келген жүргүнчү санитардык талаптарга баш ийбей кичи мекенине кетип калгандыгы тууралуу маалымат тарап, ал кескин сынга кабылган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Азаттыкка» Айбек Тотонов чек арадан анализ тапшыргандан кийин жүргүнчү катары өткөнүн билдирди.

«Ал «Чоң капкага» жүк ташуучу машине менен келген. Чек арадан өткөндө, Таласта анализи алынган. Токтогулга баргыча анализинин жыйынтыгы чыгып калган. Андан кийин үйүнөн ооруканага алып кетип жаткырышкан»,- деди Үсөнбаев.

20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыкты.​  COVID-19 менен соңку бир күндө жаңы катталган 27 адамдын жетөө сырттан келген. ​(NT/RsK)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Три из пяти участков новой трассы на юго-западе Москвы завершены — Собянин


Спорт в России и мире
Москва

Сделано в СССР. Первое историческое ралли в Москве стартует 2 июня


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Касаткина опустилась на 13-ю строчку в рейтинге WTA, Рахимова поднялась на 18


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об усилении совместных усилий России и Китая по борьбе с загрязнением пластиковым мусором





Путин в России и мире
Москва

Путин: РФ придает большое значение союзническому взаимодействию с Азербайджаном


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко назвал рецепт своего фирменного салата "Молодость", которым угощал Путина в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Столтенберг решил не встречаться с Зеленским в Брюсселе


Навальный в России и мире
Москва

Суд Москвы продлил арест трем адвокатам Навального по делу об экстремизме



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Трансляцию концерта джазового оркестра Бутмана посмотрели 50 млн китайцев



Москва

Глава Приморья Кожемяко рассказал о перспективах развития туризма на Дальнем Востоке

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net