Памирлик кыргыздарга үй салыш үчүн бюджеттен акча каралууда
![Памирлик кыргыздарга үй салыш үчүн бюджеттен акча каралууда](https://gdb.rferl.org/74FE5DA6-5DE6-4798-8398-655CD6FDE64D_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Памирден Кыргызстанга көчүп келген кыргыздарга үй салыш үчүн 2020-жылдын бюджетинен 17 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу 28-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет талкууланып жатканда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди:
- Аларга Ош облусунун Чоң-Алай районунан аларга турак-жай салынат.
Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алып, тарыхый мекенинде биротоло калууну көздөп бийликке 2019-жылдын май айында кайрылышкан.
2017-жылы жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатканаларга жайгаштырылган. 11 үй-бүлө же 49 киши Нарында жашаса, экөө Ошто окуп жатат. Алардын турак-жай маселелери чечиле элек. Былтыр 18и Ооганстанга кетип, бирөө кайра кайтып келген. (SE)