Азербайжанда бийлик партиясы парламентти таратууну чечти
![Азербайжанда бийлик партиясы парламентти таратууну чечти](https://gdb.rferl.org/DA9993A0-1E22-4B68-ABF6-02610C948C64_cx0_cy9_cw0_w800_h450.jpg)
Азербайжандын бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы парламентти өзүн-өзү таратууга чакырат. Партиянын саясий кеңешинин 28-ноябрдагы жыйынында парламентти тарап кетүүгө чакыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Анда «мыйзам чыгаруучулардын азыркы курамы учурдагы саясий талаптарга жооп бербей турганы» айтылды. Кеңештин чечими парламенттин жыйынында 29-ноябрда расмий жарыяланат.
Парламенттин көбүн президент Илхам Алиев башында турган «Жаңы Азербайжан» партиясынын депутаттары түзөт. Депутаттар президентке жаңы шайлоо жарыялоо тууралуу өтүнүч менен кайрылганы жатышат.
Азербайжандагы кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын ноябрында өтмөк.
Өлкөдө акыркы парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн. Аны өлкөдөгү бардык оппозициячыл партиялар бойкоттоп, шайлоого катышкан эмес.
Президент Илхам Алиев 2003-жылы атасы Гейдар Алиев каза болгондон кийин такка отуруп, ошондон бери Азербайжанды башкарып келет. Былтыр апрелде ал төртүнчү жолу президенттикке шайланган.
Алиев саясий оппоненттерине, эркин журналисттерге, жарандык коомго кылган мамилеси үчүн дайыма Батыштын жана укук коргоочу уюмдардын сынына кабылып келет.
Азербайжан «Freedom House» уюмунун жалпы эркиндик жана басма сөз эркиндиги боюнча индекстеринде «эркин эмес» өлкөлөрдүн тизмесинде.