Депутат бажы төлөмү азайганын сынга алды
![Депутат бажы төлөмү азайганын сынга алды](https://gdb.rferl.org/8BF7C51B-83A8-460D-B4D7-44B0008AF8A0_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдагы бюджети көбөйтүлгөнүн белгилеп, жыл аяктагандагы көрсөткүчтөрдү алганда ал аракет жемишин бербегенин сынга алды:
- 2018-жылы 2019-жылдын бюджетин карап жатканда 500 млн. сомго ушулардын чыгымын көбөйткөндөн кийин натыйжа да болушу керек эле да? Өкмөткө ишенип бергендин жыйынтыгын көрүп атасыздар. «Аткезчилик-аткезчилик» деп айтабыз, Таластан, Чалдовардан өтө көп аткезчилик болуп жатат. Чек ара кызматына эле ишенип олтура бербей башка кызматтарды коюп көрсөңүздөр.
Эл өкүлүнө жооп берген Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев 2019-жылдын он айында 4,5 миллиард сомго чейин планга жетпей калганын, ага импорт азайып кеткени себеп болгонун айтты. Пландык көрсөткүч өзү канча болгонун ал тактаган жок.
Парламентте азыр «Республикалык бюджеттин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү жөнүндө» мыйзам долбоору, «2019-жылга республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, «2020-жылга республикалык бюджет жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. (ErN)