Тбилисиде парламент чечимине нааразы болгондор көчөгө чыгышты
![Тбилисиде парламент чечимине нааразы болгондор көчөгө чыгышты](https://gdb.rferl.org/B3B30DD6-09FF-4686-BA75-544D567AC5D1_w800_h450.jpg)
Тбилисиде бейшембинин кечинде миңдеген киши чогулуп, аралаш шайлоо системасынан пропорционалдык добуш берүүгө өтүү сунушу колдоо таппай калганына нааразылыгын билдиришти.
14-ноябрдагы добуш берүүгө 141 депутат катышып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча коалициялык көпчүлүктүн сунушун 101 гана эл өкүлү колдоду. Ага негизинен бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын мажоритардык же өз алдынча шайланып келген депутаттары каршы чыгышты. Алардын көз карашында мамлекет азырынча толугу менен пропорционалдык системага, башкача айтканда, жалаң партиялык тизме менен шайлоо өткөрүүгө даяр эмес. Бирок оппозиция муну «спектакль» деп атап, депутаттар өздөрүнүн партиясы сунуш кылган демилгеге каршы чыкканына ишене бербейт.
Шайлоону аралаш системадан пропорционалдык же жалаң партиялык тизме менен өткөрүү быйыл жайда өткөн массалык нааразылык акциясына чыккан миңдеген демонстранттардын талаптарынын бири болгон. Жарандык активисттер жана оппозициядагы партиялар эми кайрадан массалык нааразылык акциялары күчөй турганын эскертип жатышат.
Учурда парламентте өз алдынча шайланып келген 72 депутат бар. Алардын көбү бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынан көрсөтүлгөндөр.