Кыргызстанда миңге жакын адам жарандыктан чыкты
![Кыргызстанда миңге жакын адам жарандыктан чыкты](https://gdb.rferl.org/414E7160-3E17-46D9-986C-6788BC8B4173_cx0_cy18_cw66_w800_h450.jpg)
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынды. Анын ичинен 155и балдар. Кыргызстандын жарандыгын алгандардын көпчүлүгү башка өлкөдөн көчүп келген кыргыздар.
Дагы бир жарлыкка ылайык, 929 адам (анын ичинен 722 — чоң адамдар жана 207 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат. (TSh)