Европол мигранттарды мыйзамсыз ташыган топ боюнча иликтөөсүн чыгарды
Европа биримдигинин укук коргоо органдары Батыш Европага мигранттарды жүк ташуучу машинелер менен мыйзамсыз ташыган кылмыштуу топко байланыштуу иликтөөнү акырына чыгарды.
Европолдун 14-ноябрда кабарлашынча, Румыниянын полициясы 580дей мигрантты Европага Румыниянын батышындагы Тимишоара шаары аркылуу мыйзамсыз киргизип, чыгарып турган кылмыштуу топтун төрт мүчөсүн кармады.
Мигранттарды мыйзамсыз ташып келүү боюнча иликтөөнү Германия өткөн жылы баштап, ага Австриянын, Грециянын, Чехиянын, Венгриянын жана Улуу Британиянын бийликтери да көмөктөшкөн.
Европолдун маалымдашынча, кылмыштуу топтун катарында кеминде 36 адам бар жана алар бул жол менен 2,2 миллион доллардай каражат тапкан болушу мүмкүн.
Жүк ташуучу машинелерге түшүп, Европага жетип алууну көздөгөн көптөгөн мигранттар жолдо тумчугуп өлгөн учурлар катталган.