Сирия: АКШ кайтарган мунай заводдорунун кирешесин күрд кошуундары алат
АКШнын коргоо министринин жардамчысы Жонатан Хоффман Сирияда америкалык аскерлер кайтарган мунай өндүргөн жайлардан түшкөн кирешенин баары күрд кошуундары жетектеген «Сирия демократиялык күчтөрүнө» берилерин билдирди. Ал Вашингтондо 7-ноябрдагы брифингде күрд кошуундарын «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө АКШнын өнөктөшү деп атады жана жоочулардын мизин майтарыш үчүн ириде аларды киреше-пайдадан кур жалак калтыруу керек экенин белгиледи.
Түркия менен анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулду 9-октябрда баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасына жакын аймакта «коопсуз аймак түзүү», ал жерди өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.
17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон.
Андан кийин Эрдоган орус лидери Владимир Путин менен 22-октябрда Сочи шаарындагы кездешкенде Анкаранын Сириядагы операциясына байланыштуу меморандумга кол коюшкан. Анда ок атууну 150 саатка убактылуу токтотуу макулдашылып, ошол мөөнөттө күрд кошуундары Сириядагы Түркия «коопсуз аймак» деп белгилеп алган жерден чыгып кетиши керек экендиги жазылган.
Түрк бийлигинин аскердик операциясын АКШдан сырткары Европа Биримдиги жана Араб Өлкөлөрүнүн Лигасы айыптаган.