Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 14.02.2022

Зомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштөө боюнча китепчелер даярдалды

Azattyk.org 

Зомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштешкен милиция кызматкерлери үчүн атайын китепчелер даярдалды. Бул тууралуу 14-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, зомбулуктун түрлөрү жана белгилери, аялдар жана балдар менен иштөө өзгөчөлүктөрү, аларга жардам берүүнүн эл аралык стандарттары, зомбулукту алдын алуунун укуктук негиздери жана ыкмалары жазылган китепчелер Кыргызстандын бардык аймактарына таратылып, өспүрүмдөр менен иштешкен инспекторлорго... Читать дальше...

Байден менен Зеленский украин чек арасындагы кырдаалды талкуулады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-февралда телефондон сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы чыңалууну талкуулады. Байдендин администрациясы кабарлагандай, алар дале чыңалууну дипломатиялык ыкмалар аркылуу чечүүгө ыктап турушат. Байден Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин жактап, Орусиядан агрессия болсо ага АКШ тез арада чара көрөрүн маалымдады. Украин президентинин кеңсеси Зеленский Байденди жакын арада Киевге келип кетүүгө чакырганын билдирди. Читать дальше...

"Бишкекжарык" ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ишкананы текшерүү учурунда товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталып, анын чыгымы 27 миллиондон ашуун сомду түзгөн. Прокуратура "Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу" (337), "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" (210) беренелеринин негизинде иш козгоду. Тергөө уланууда. Буга чейин журналисттер... Читать дальше...



Казакстанда кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант акыйкаттык үчүн күрөшөрүн билдирди

Azattyk.org 

Казакстандагы Январь окуялары учурунда казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын билдирген кыргызстандык белгилүү музыкант Викрам Рузахунов акыйкаттык үчүн күрөшмөй болгонун айтып чыкты. 14-февралда анын видео кайрылуусу Интернеттеги социалдык түйүндөрдө жарыяланды: “Мен бул тууралуу көп ойлондум. Музыкага жана бизнеске азырынча жөн кайта албайм, эч нерсе болбогонсуп карап тура албайм. Мен кабылган окуя КМШ мамлекеттериндеги укуктук чөйрөнү жакшыртууга, демократияны өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн мыкты үлгү болуп... Читать дальше...

Украинадагы кыргыздар: согуш болбосо экен деп жашап калдык

Azattyk.org 

Бир катар өлкөлөр Орусиянын кол салуу коркунучунан улам жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды. АКШ, Улуу Британия, Германия, Нидерланд жарандарына Украинадан чыгып кетүүнү сунуштады. Ал эми Австралия 13-февралда Киевдеги элчилиги убактылуу жабылганын жарыялады. Украинада иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктар эмне кылышууда? Аларга элчилик кандайдыр бир эскертүү берип жатабы, бул жана башка суроолорго Украинадагы кыргызстандыктардын диаспорасын түптөгөн жеке ишкер, 15 жылдан бери Украинада эмгектенген Азамат Исмаилов жооп берди. Читать дальше...

15-февралдын аба ырайы

Azattyk.org 

15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаайт.  Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2…-7; Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10... Читать дальше...

Тез жардам ооруканасына кайра жаңы жетекчи дайындалды

Azattyk.org 

Клиникалык тез жардам ооруканасына кайрадан жаңы жетекчи дайындалды. Жетекчинин милдетин аткаруучу Памир Муратов бүгүн, 14-февралда жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев билдирди. Анын айтымында, жаңы жетекчини мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабеков өзү жамаатка тааныштырды. "Өзү барып, жамаатты чогултуп, жаңы жетекчини өзү тааныштырды. Азырынча ошол жерде эле иштеп турушат. Жаңы кабинет берди... Читать дальше...

Жээнбековдун жардамчысынын иши сотко өттү

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Кудайбердиева бүгүн, 14-февралда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анын айтымында, “2019-жылы чек арадан туура эмес өткөн” деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карай турган болду, алгачкы отурум бүгүн саат 14:30га белгиленди. Кудайбердиева атайын кызмат козгогон бул ишти фальсификация деп атап, “Жээнбековдун... Читать дальше...



"Маданият, адабият мамлекеттин каржысына муктаж"

Azattyk.org 

“Азаттыктын” сыябан – маегинин” кезектеги коноктору - айтылуу чыгармачыл үй-бүлө, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүрканов менен Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева. Калемгерлер маек учурунда өздөрүнүн чыгармачылыгы, жашоосу, адабиятка, улуттук нарк-насилге коомдун мамилеси тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Кубан Казаков пробация департаментинин директору болуп дайындалды

Azattyk.org 

Кубан Казаков Юстиция министринин алдындагы пробация департаментинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. 43 жаштагы Казаков Юстиция министрлигинде 2003-жылдан бери иштеп, ар кайсы бөлүмдөрүн жетектеген, Чүй - Бишкек башкармалыгында эмгектенген. Департамент 2019-жылдын сентябрынан тартып Юстиция министрлигинин алдында иштей баштаган. Мурда Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) караган. Читать дальше...

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Azattyk.org 

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин сөөгү, бүгүн 14-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку... Читать дальше...

Кара-Балтадагы калайман мушташтан бир окуучу ооруканага түштү

Azattyk.org 

Кара-Балта шаарында окуучулардын калайман мушташы катталып, бир өспүрүм ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, милицияга 13-февраль күнү саат 17:20 чамасында шаардагы стадиондо балдар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан көп өтпөй 12 жаштагы өспүрүм денесинен жаракат алып аймактык ооруканага түшкөнү маалым болгон. Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районундагы эки... Читать дальше...

Таш-Көмүр шаарындагы беш айылдын тургундары митингге чыгышты

Azattyk.org 

Таш-Көмүр шаарына караган беш айыл - Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай жана Кашкулак-Сай айылдарынын 100дөн ашык жашоочулары нааразычылыгын билдирип чогулушту. Алар өлкө башчысынан жана эл өкүлдөрүнөн айылдарды Таш-Көмүр шаарынан чыгарып, Ноокен районуна кошуп берүүнү өтүнүштү. Айыл тургундары сөз болгон беш айыл 1984-жылга чейин Ноокен районунун Достук айыл аймагына караганын, бирок ошол жылдан тарта бийлик Таш-Көмүр шаарынын калкын жашылча-жемиш менен камсыздап турат деген максатта шаарга кошконун айтышты. Читать дальше...

Коронавирустан үч киши каза болуп, 46 адамдан жаңы аныкталды

Azattyk.org 

Соңку бир суткада (14-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 46 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 31 киши. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2930 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты. 3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. Читать дальше...

Экс-министр Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-февралда Бишкекте мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ролан Гаррос

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жителям Подмосковья рассказали о лесопожарной обстановке в регионе на 1–3 июня





Путин в России и мире
Москва

Лучшие фото за май // Запоминающиеся кадры месяца


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский: после «заморозки» конфликт опять вспыхнет


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Вячеслав Бутусов

Маликов – до 75 тысяч, Бутусов – бесплатно: цены на концерты звезд в дни экономического форума в Петербурге



Москва

В первый день лета в СК «Бескудниково» прошел «Кубок Мэра Москвы по айкидо»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net