Грузиялык эки дзюдочу Олимпиада аккредитациясынан кол жууду
Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети грузиялик эки дзюдочу - Важа Маргвелашвили жана Лаша Шавдатуашвилиге берилген аккредитацияны жокко чыгарды. Алар Олимп шаарчасынан сыртка чыкканы үчүн ушундай жазага тартылды. Токио-2020 уюштуруу комитетинин эрежесине ылайык, коронавирус пандемиясынын алдын алуу максатында катышуучуларга шаарчадан сыртка чыгууга тыюу салынган. Эки грузин спортчусу Токиодогу мелдештерде күмүш медаль алып, беттештери аяктаган. Алар Жапония баш калаасындагы кооз жайларга саякат кылууга уруксатсыз чыгып кетишкен. Читать дальше...