Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 23.12.2020

Ооганстанда белгилүү жарандык активист киши колдуу болду

Azattyk.org 

Ооганстанда шайлоолорго көз салган өз алдынча топтун башчысын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Полициянын маалыматы боюнча, Юсуф Рашид менен айдоочусуна 23-декабрда эртең менен Кабулда белгисиз адамдар кол салышкан. Анын жыйынтыгында Рашид каза болуп, айдоочусу жаракат алган. Маркумдун жакындарынын айтымында, жарандык активист ооруканада эсине келбей жатып көз жумган.  Юсуф Рашид Кабулдагы Ооганстандын эркин жана калыс шайлоолор форумунун аткаруучу директору болуп эмгектенчү. Ал Ооганстандагы... Читать дальше...

Башкы прокуратура: Куралдуу күчтөр ички чыр-чатактарды жөнгө салууда колдонулбайт

Azattyk.org 

Башкы прокуратура «Жарандык көзөмөл комитети» уюмунун жарандык нааразылыкты басууга армияны колдонуу Конституцияга каршы келери тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. 23-декабрда мекеменин расмий сайтына бул тууралуу маалымат жарыяланып, Бишкектин четинде өткөн машыгуунун шайлоого эч кандай тиешеси жок деп эсептей турганы белгиленди. Ошону менен катар Башкы прокуратура: «Күч түзүмдөрү жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда биргелешкен иш-аракеттердин жалпы түшүнүгүн жана тартибин иштеп чыгуу, өз ара... Читать дальше...

Ош шаардык спорт комитетин спортчу Бекдөөлөт Абакиров убактылуу жетектейт

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэриясы 23-декабрда шаардык спорт комитеттин башчысы Кылычбек Саркарбаевди жумуштан алып, анын ордуна Бекдөөлөт Абакировду дайындады. Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери шаардагы «Жапалак» муниципалдык автоунаа базарынын жетекчиси болуп иштеп келген. Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» бул маалыматты тастыктады:  «Бекдөөлөт спорт комитетке убактылуу гана жетекчи болуп келди. Өзү спортчу болгон үчүн тармакты түшүнөт. Спорт комитеттин жетекчилигине жакын арада атайын сынак жарыяланат. Читать дальше...



2020-жылдын жыйынтыгын чыгарган видеоклипке Кыргызстандагы октябрь окуялары да кирди

Azattyk.org 

Швейцариялык музыка ышкыбозу Си Рунун «2020-жылдын жыйынтыгы» аттуу видеоклибине Кыргызстандагы 5-6-октябрдагы толкундоолор да кирди. Бул клип «YouTube» порталына жарыялангандан көп узабай 700 миң жолудан ашык көрүлдү. Музыкант ремикс стилиндеги музыканын коштоосунда быйылкы жылдагы маанилүү окуялардын видеолорун тизмектеген. Төрт мүнөткө жакын убакыттын ичинде январдан декабрга чейинки дүйнөнү дүңгүрөткөн окуяларды көрсө болот. Алгач Австралия токойлорундагы өрт, Ухандагы коронавирустун башталышы... Читать дальше...

Жогорку сот Жапаровго байланыштуу арыз боюнча чечимди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку сот премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берип, президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровду талапкер кылып каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзам бузган эмес деп эсептейт. Бүгүн, 23-декабрда Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы арызын канааттандыруудан баш тарткан чечимин күчүндө калтырды. Сооронкулова Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну өтүнүп административдик сотко 15-декабрда кайрылган... Читать дальше...

БШК: Шайлоочулар тизмени тактоого ынтаасыз катышып жатышат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кыргызстандыктарды президенттик шайлоо жана референдумга карата түзүлгөн тизмелерди тактоо ишине жандуу катышууга чакырды. 23-декабрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында тизмеге алымча-кошумча киргизүү мөөнөтү 29-декабрда аяктай турганын эске салды: «Шайлоочулар тизмени тактоо процессине пассивдүү катышып жатканын көрүүдөбүз. 29-декабрга чейин өзүлөрүн тизмеден тактап, эгер кандайдыр бир ката же башка так эместик болсо тийиштүү арыз менен шайлоо комиссияларына кайрылып... Читать дальше...

Молдовада өкмөт кызматтан кетти

Azattyk.org 

Молдованын премьер-министри Ион Кику өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүш үчүн өзү жетектеген өкмөт бийликтен кеткенин жарыялады. Кику бул тууралуу бийлигин тапшырып жаткан президент Игорь Додон жана парламенттин спикери Зинаида Гречаный менен жолуккан соң билдирди.  «Бул шайлоону өлкөнү нормалдуу жашоого алып келчү приоритет деп эсептейбиз», - деди Кику.  Буга чейин парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, 23-декабрда талкуулоого ниеттенип жаткан. Ушул айдын башында 20 миңдей адам Кишиневдун көчөлөрүнө чыгып... Читать дальше...

Тоңдо зордукталган кыздын үй-бүлөсүнө басым жасалганы айтылууда

Azattyk.org 

Тоң районунун Кара-Шаар айылында зордукталган окуучу кыздын жакындарынан айыпталуучу тараптын туугандары жана айыл аксакалдары кечирим сурап барышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыздын агасы билдирди. «Зордуктаган адамдардын туугандары менен айылдын аксакалдары бизден кечирим сурап, ишти бүтүрөлү деп келишиптир. Биз «аларды кечирбейбиз» десек «токтотпойсуңарбы, кечиришкиле, эгер ушинтип уруш-талашты уланта берсеңер, айылды уят кылбай башка шаарга же айылга көчүп кеткиле» дегенге чейин барышты». ... Читать дальше...



Коронавирустун жаңы түрүнөн улам Британия менен Жапония каттамды токтотту, Франция болсо кайра ачты

Azattyk.org 

Британияда коронавирустун жаңы штаммы тарап жатканына байланыштуу бул өлкө менен каттамдарды токтоткон өлкөлөр көбөйүүдө. Жапония бейшембиден тартып Бириккен Падышалыктан келген жарандардын киришине чектөө киргизет. Бул тууралуу жапон өкмөтүнүн баш катчысы Кацубо Като 23-декабрдагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча, Британиядан келген жапониялыктардан башка жарандардын киришине убактылуу чектөө салынат. Ушул эле күнү Түштүк Корея да Улуу Британияга учкан авиакаттамдарды токтотконун жарыялады. Читать дальше...

Өкмөт: Парламенттик шайлоодогу эң негизги ката президенттик шайлоодо кайталанбайт

Azattyk.org 

Октябрдагы парламенттик шайлоонун эң негизги катасы алдыдагы президенттик шайлоодо жана референдумда кайталанбайт. Бул тууралуу 23-декабрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Бишкекте журналисттерге шайлоого карата даярдык тууралуу маалымат берип жатып айтты. Мамытканов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышына көп сандаган шайлоочулар №2 форма менен добуш бергени себеп болгонун белгиледи: «Ошонун кесепетинен элдин нааразылыгы чыккан. Бул шайлоодо эң чон катачылык кайталанбайт. Бул саясий чечим». Читать дальше...

Автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү акысы 34% арзандайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда келерки жылдан тартып автоунааны каттоого алуу жана айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызмат баасы арзандайт. Бул тууралуу 23-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 1-январдан тартып «Унаа» ишканасы акча төлөнүүчү кызматтарынын акысын орточо эсеп менен 34% төмөндөтөт. Азыр 184 сомдук кызматтын акысы 120 сомдун тегерегинде болот. Азыркы баалар 2019-жылы аныкталган болчу. Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда автомашиналар кескин көбөйдү. Читать дальше...

Францияда үч полиция кызматкери өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Францияда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кабарды текшерүүгө барган үч полиция кызматкери өлтүрүлүп, дагы төртөө жарадар болду. Окуя 23-декабрда эртең менен Франциянын түштүгүндөгү Борбордук массивдеги айылдардын биринде болгон. Офицерлер үй-бүлөлүк уруштан соң үйүнүн чатырына чыгып алган аялга жардам берүүгө аракет кылып жаткан учурда кылмышкер аларды атып салган. Андан соң кылмыш болгон үйгө өрт койгон. Андан соң жабыркаган аял аман-эсен куткарылып, ал эми кылмышка шектүүнүн белгисиз жайдагда каза болгон сөөгү табылган. Читать дальше...

Колумбия орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарды

Azattyk.org 

Мындай маалыматты расмий Богота ырастады. Колумбиянын бийлиги дипломаттарды өлкөдөн чыгарууга эмне себеп болгонун так түшүндүргөн жок, бирок орусиялык жарандар дипломатиялык алакалар боюнча Вена конвенциясын бузганын айтуу менен чектелди. Колумбиянын Миграция кызматынын башчысы Хуан Франсиско Эспиносанын маалыматы боюнча, орус дипломаттары 8-декабрда эле өлкөдөн чыгып кеткен. Түштүк Америкадагы өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Орусия мындай кадамга жооп катары Москвадагы элчиликтин эки кызматкерин чыгарганын кошумчалады. Читать дальше...

Парламент экономикалык мунапыска макул болду

Azattyk.org 

23-декабрда Жогорку Кеңеш “Экономикалык амнистия боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Ушул эле күнү долбоор эки окууда тең кабыл алынып, жактырылды. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Гүлшат Асылбаева экономикага зыян келтиргенин моюнуна алып, анын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга карата коомдун мамилесин өзгөртүү максаты коюлуп жатканын айтты. Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев... Читать дальше...

Месси тарыхта бир клуб үчүн гол киргизген эң мыкты бомбардир болду. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Испания чемпионатынын 15-турундагы  "Вальядолид" менен "Барселона" беттешинин 65-мүнөтүндө Месси гол жаратып, бир клуб үчүн киргизген топтун саны боюнча футбол легендасы Пелени ашып өттү.

Жаш режиссерлорду сүрөгөн "Үмүт"

Azattyk.org 

Кыргызстанда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги менен жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму башталды. Форумдун алкагында тасмалардан тышкары талкуулар, мастер-класстар жана белгилүү кино ишмерлери менен чыгармачыл жолугушуулар өтөт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, 24-декабрда 17:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрынын чоң залында форумдун жабылышы болот. Эл аралык «Үмүт» форумун Кино департаменти уюштурган.

Өзбекстанда мечиттеги жаңжал киши өмүрүн алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда мечиттеги жаңжалда бир адам  көз жумду. Окуя 22-декабрда эртең менен Шерабад районундагы чоң мечиттердин биринде болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, жаңжалда мечиттин хатиби бычакталган. Баштапкы маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургун мечит кызматкери менен сөз талаша кетип, жанында көтөрүп жүргөн бычакты ага сайып жиберген. Жабыркаган дин кызматкери ооруканага жетпей каза болгон. Окуя Кылмыш кодексинин 97-беренеси ( "Атайлап киши өлтүрүү") менен иликтенүүдө. Читать дальше...

Кремль интернет эркиндигин чектөөгө жана экс-президенттин макамын чыңдоого ынтызар

Azattyk.org 

Орусиянын Мамдумасы бир күндө ар кандай тыюуларды салчу 10 мыйзамды кабыл алды. Владимир Путин шейшембиде кол койгон мыйзамдар болсо болочокку «мурдагы президенттин» камын көрүү мүдөөсүн көздөйт.

Спорт в России и мире
Москва

Больше всего работников с креативными идеями работает в ритейле и спорте


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Виктория Азаренко

Андреева назвала важнейшей в карьере победу над Азаренко на "Ролан Гаррос-2024"


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В арктическую экспедицию Росатома может отправиться школьник из Приамурья





Путин в России и мире
Москва

Руководство Краснодара посетило китайский Харбин. Рассказываем подробности


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Путин и Лукашенко обсудили парад в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

НАТО оказалась не готова к войне с Россией. Тайное соглашение США и Киева: Враг нацелился на Белгород - источники


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Олег Лундстрем

«Борис Фрумкин – 80!»: Государственный камерный оркестр джазовой музыки имени Олега Лундстрема отпраздновал юбилей своего худрука большим концертом



Москва

Мари-Франс Дюбрей поставила новую произвольную программу Каори Сакамото

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net