Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 06.12.2018

"Ош тазалыкка" чырлуу спортчу келди

Azattyk.org 

"Ош тазалык" ишканасына "Кличко" деген каймана аты бар спортчу Нурбек Исмаилов дайындалды. Спортчу буга чейин президенттик шайлоодо журналисттерди токмоктогону айтылган.

“Кыргызалтын” Терек-Сайдагы иш таштоону чагым катары баалады

Azattyk.org 

“Кыргызалтын” ишканасы Чаткал районундагы Эти Бакыр Терексай” ишканасындагы өндүрүштүн токтотулушунун себептери боюнча билдирүү таратты. Анда кендеги акыркы кырдаалдан пайдаланган айрым адамдар компаниянын жумушчуларын иш таштоого үгүттөгөнү айтылат. "Бүгүн чагымдын айынан «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын жумушчулары иш таштап, жумушка чыкпай жатышат. Учурдагы кыйын кырдаалга байланыштуу тоо-кен-шахталык техникалык каражаттарынын жана жабдуулардын жарактан чыгып калбашы үчүн компания өзүнүн өндүрүштүк... Читать дальше...

“Кыргыз алтын” Терек-Сайдагы иш таштоону чагым катары баалады

Azattyk.org 

“Кыргыз алтын” ишканасы Чаткал районундагы Эти Бакыр Терексай” ишканасындагы өндүрүштүн токтотулушунун себептери боюнча билдирүү таратты. Анда кендеги акыркы кырдаалдан пайдаланган айрым адамдар компаниянын жумушчуларын иш таштоого үгүттөгөнү айтылат. "Бүгүн чагымдын айынан «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын жумушчулары иш таштап, жумушка чыкпай жатышат. Учурдагы кыйын кырдаалга байланыштуу тоо-кен-шахталык техникалык каражаттарынын жана жабдуулардын жарактан чыгып калбашы үчүн компания өзүнүн өндүрүштүк... Читать дальше...



Кыргыз футболунун мыктылары тандалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол федерациясы 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, футбол жаатында ийгиликке жеткендерге сыйлык тапшырды. 5-декабрда “Асанбай” борборунда өткөн салтанатта 10 номинация боюнча мыктылар тандалды. “Жылдын мыкты футболчусу” деп “Дордой” футбол клубунун жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу табылса, ушул эле клубдун машыктыруучусу Александр Крестининге “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы ыйгарылды. Кайрат Жыргалбек уулу “Мыкты футболчу” наамына ат салышкан командалашы Бекжан Сагынбаев... Читать дальше...

Депутат бала бакчанын имаратына соттун көчүрүлүшүн сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү мурдагы бала бакчасынын имараты Сот департаментине берилишин сынга алды. Ал бул аркылуу өлкөдөгү бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин токтому менен президенттин жарлыгы бузулуп жатканын билдирди. “Акыркы 30 жылда Бишкек шаарында бир да бала бакча курулган эмес. Ал эми бул катачылыкты жоюп, мыйзамдуулукту сакташ керек болгон органдар аны бузуп жатат. Буга мисал катары Жогорку сотко... Читать дальше...

Депутат соттун бала бакча имаратына көчүрүлүшүн сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү мурдагы бала бакча имаратынын Сот департаментине берилишин сынга алды. Ал мындай жол менен өлкөдөгү бала бакча имараттарын мамлекетке кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин токтому менен президенттин жарлыгы бузулуп жатканын билдирди. “Акыркы 30 жылда Бишкек шаарында бир да бала бакча курулган эмес. Ал эми бул катачылыкты жоюп, мыйзамдуулукту сакташ керек болгон органдар аны бузуп жатат. Буга мисал катары Жогорку Сотко караштуу... Читать дальше...

Ош шаарында немис музыкасы жаңырды

Azattyk.org 

Рождество майрамына карата Ош шаарындагы П.Чайковский атындагы музыкалык мектептин окуучулары австриялык ырчы Хайдемария Обертюр менен чогуу шаардыктарга акысыз концерт коюшту. Концерттин биринчи бөлүгүндө немис композиторлорунун чыгармалары жаңырып, экинчи бөлүгү Рождество майрамы тууралуу ырлар менен коштолду. Иш-чараны Германиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган.



Эмгек министрлиги жөлөкпул боюнча Интернеттеги маалыматты жокко чыгарды

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу тараган жөлөкпул боюнча маалыматтын жалган экенин билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.  Ага ылайык, 5-декабрдан тартып "WhatsApp" мессенжери аркылуу “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 1991-жылдан 2008-жылга чейин иштегендерге 70 миң сом жөлөкпул берет” деген билдирүүлөр таратылган. Министрлик мындай маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирип, жарандарды башкаларга таратпоого чакырды. Читать дальше...

Эмгек министрлиги Интернетте тараган жөлөкпул боюнча маалыматты жокко чыгарды

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу тараган жөлөкпул боюнча маалыматтын жалган экенин билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.  Ага ылайык, 5-декабрдан тарта WhatsApp мессенжери аркылуу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1991-жылдан 2008-жылга чейин иштегендерге 70 миң сом жөлөкпул берет” деген билдирүүлөр таратылган. Министрлик мындай маалымат чындыкка дал келбесин билдирип, жарандарды башкаларга таратпоого чакырды. Читать дальше...

Кытай кыргыз жарандарына туристтик виза бере баштады

Azattyk.org 

Кытайдын Бишкектеги консулдук бөлүмү Кыргызстандын жарандарына жекече туристтик виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ушул тапта элчилик “L” категориясындагы жекече туристтик визаларды берип жатат. Жарандар кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу алдын ала жазылса болот. Ошондой эле анда керек болгон документтердин тизмеси жайгаштырылган. Кытай элчилиги жекече туристтик виза берүүнү 2017-жылы токтоткон. Виза беш кишиден жогору турган топко гана берилчү. Читать дальше...

Парламенттин вице-спикери Мадумаровго жооп кайтарды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин дарегине сын айткандарга жооп кайтарды. Ал акыркы учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын “биржа”, “базарком” деп атап, сындаган айрым саясатчылардын сөзү жалпы парламенттин кадыр-баркына шек келтирип жатканын белгиледи. Бакировдун айтымында, V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Баш мыйзамдын негизинде жаңы эрежелер боюнча шайланды. “Гендердик баланс, жаштар, улуттук азчылык өкүлдөрү, ар кыл тармактагы кесиптин ээлери парламентте отурат. Читать дальше...

Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды

Azattyk.org 

Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Кармалган министрдин орун басары бул тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Читать дальше...

Хашогжинин иши: Түркиянын өктөм талабы

Azattyk.org 

Түркиянын соту "журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө тиешеси бар" деген негизде Саудиянын эки жаранын камакка алууга ордер берди. Ага улай түрк тышкы иштер министри Эр-Риядды иликтөөнүн жүрүшү тууралуу ачык маалымат берүүгө чакырды.

Жусуп Абдрахмановго Кыргыз эл баатырын берүү сунушталды

Azattyk.org 

Совет доорунда репрессияланган мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берүү демилгеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Максат Сабиров сунуштады. Анын айтымында, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөлүшү жана чыңдалышына зор салым кошкон ишмер мындай бийик наамга татыктуу. Депутат Жусуп Абдрахмановго бийик наам берүүдөн башка анын ысымын Бишкектеги райондордун бирине жана президенттин алдындагы Башкаруу академиясына ыйгаруу зарылдыгын белгиледи. ... Читать дальше...

Жээнбеков Орусияда Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Президент Орусияга бүгүн, 6-декабрда учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.   Маалыматка караганда, президент 6-декабрда Санкт-Петербургда жыйынга катышып, 7-декабрда Москвага иш сапар менен барат. Москвада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги президенттин катышуусунда ачылат. (NT)

Миланда ЕККУнун тышкы иштер министрлери жолугушат

Azattyk.org 

Италиянын Милан шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлери жолугушат. 6-7-декабрдагы иш-чарага Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да катышат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жыйында уюмдун алкагындагы кызматташтык талкууланып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Министр Италияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушмакчы. 10-декабрда Брюсселде Кыргызстан-Евробиримдик кызматташтыгы боюнча кеңештин он алтынчы жыйыны да Айдарбековдун катышуусунда өтөт. Читать дальше...

ТИМ Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактоону улантууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматты азырынча тактай элек. Мекеменин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев «Азаттыкка» билдиргендей, расмий булактар аркылуу тактоо иштери уланууда. Өткөн аптада Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Бесконечный отдых закончился: Джиган и Оксана Самойлова стали участниками шоу «Выжить в Дубае»





Персональные новости
Желдорреммаш

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие





Кытайда камалгандардын арасында депутат Адыл Жунустун иниси бардыгы кабарланды

Azattyk.org 

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда камакка алынганы айтылган кыргыз улутундагы интеллигенция өкүлдөрүнүн арасындагы тарыхчы Аскар Жунус Жогорку Кеңеш депутаты Адыл Жунус уулунун иниси экени айтылууда. Мындай маалыматты «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» ырастады. Буга чейин «Эркин Азия радиосу» Кыргызстан парламентинин депутаты Адыл Жунус уулунун бир тууганы, Кытайдын жараны  Аскар Жунус Шинжаңда октябрдын аягында камакка алынганын билдирген. Бул тууралуу Eurasia.net басылмасы да жазып чыккан. Читать дальше...

Кытайда камалгандардын ичинде депутат Адыл Жунустун иниси болгону кабарланды

Azattyk.org 

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда камакка алынганы айтылган кыргыз улутундагы интеллигенция өкүлдөрүнүн арасындагы тарыхчы Аскар Жунус Жогорку Кеңеш депутаты Адыл Жунус уулунун иниси экени айтылууда. Мындай маалыматты «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» ырастады. Буга чейин «Эркин Азия радиосу» Кыргызстан парламентинин депутаты Адыл Жунус уулунун бир тууганы, Кытайдын жараны Аскар Жунус Шинжаңда октябрдын аягында камакка алынганын билдирген. Бул тууралуу Eurasia.net басылмасы да жазып чыккан. Читать дальше...

Жабык жайлардагы медициналык тейлөөнүн сапаты талкууланат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 6-декабрда жабык жайлардагы абал жана медициналык тейлөөнүн сапаты талкууланат. Акыйкатчы институту билдиргендей, "Парк Отель" мейманканасында өтө турган талкууда Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы убактылуу кармоочу жайлар менен тергөө абактарындагы абал тууралуу иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылат. Иликтөө социологдор, медицина кызматкерлери жана өкмөт алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду, Акыйкатчы институту, «Эркиндик үнү» коомдук фонду менен чогуу жүргүзүлгөн. Читать дальше...

Экстремизмдин алдын алуу боюнча эл аралык форум башталат

Azattyk.org 

Бишкектеги "Орион" мейманканасында бүгүн, 6-декабрда экстремизмдин алдын алуу боюнча эл аралык форум башталат. «Экстремизмдин алдын алуу жана медианын ролу» деп аталган форум Европа биримдиги каржылаган «Борбор Азиядагы тынчтыкты колдоо» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Долбоорду "Интерньюс" уюму Ички иштер министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте ишке ашырууда. Форум 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын өкүлдөрү, эл аралык... Читать дальше...

Израилде отуз миңден ашуун адам зомбулукка каршы акцияга чыкты

Azattyk.org 

Израилде 30 миңден ашуун адам нааразылык акцияга чыгып, аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршылык билдиришти. 5-декабрдагы акция бойго жете элек эки кыздын өлүмүнөн кийинки нааразылык акцияларынын уландысы экенин жергиликтүү басылмалар жазышты. Демонстранттар зомбулукка каршы программага көбүрөөк каражат бөлүүнү бийликтен талап кылып жатышат. Катышуучулардын арасында феминисттик кыймылдын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, музыканттар жана өлтүрүлгөн кыздардын туугандары бар. Акция Тель-Авивде жана башка шаарларда болду. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Волонтеры Президентской академии в Санкт-Петербурге вносят свой вклад в развитие и повышение доступности спорта для граждан


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ролан Гаррос

Белорусские теннисистки проведут стартовые встречи открытого чемпионата Франции


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Компьютерный 3D-переводчик на жестовый язык» стал одним из победителей конкурса цифровых проектов и идей для людей с нарушением слуха «Мы услышим»





Путин в России и мире
Москва

Руководство Краснодара посетило китайский Харбин. Рассказываем подробности


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

НАТО оказалась не готова к войне с Россией. Тайное соглашение США и Киева: Враг нацелился на Белгород - источники


Навальный в России и мире
Москва

Раз нет протестов, будут санкции: как навальнисты и команда Ходорковского меняют стратегию борьбы с Россией



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Ирина Серегина

Концерт студии "Жерминаль"



Москва

Тамбовский велопутешественник Александр Осипов стал финалистом национальной премии

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net