Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 03.08.2018

Симферополдо бир крым татары өзүн өрттөп жиберди

Azattyk.org 

3-августта Крымдын баш калаасы Симферополдун борбордук бөлүгүндө бир адам өзүн өрттөп жиберди. Ватан Карабаш аттуу тургун крым татарларынын турак жайлары жайгашкан районго көп кабаттуу имараттарды куруу аракетине нааразылык билдириш үчүн ушул кадамга барганы аныкталды. Карабаш өзүнө бензин чачып, от койгондо жанында турган адамдар аны жерге жыгып, отту өчүрүп калышты. Азыр анын абалы кандай экени так белгисиз. 2-августта полиция Симферополдун жанындагы "Стрелковая" аймагындагы курулуш планына каршы чыккан активисттерди кууп таркаткан болчу.

Турдумамбетов: Ар бир жаран өлкөгө салым кошо алат

Azattyk.org 

“Кыргызстандын өнүгүшүнө ар бир жаран салымын кошо алат”. Бул тууралуу Москва шаарында жайгашкан Philips компаниясынын Орусия менен КМШдагы мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен иштешүү боюнча директору Назим Турдумамбетов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ал чет өлкөдөгү мигранттардын ийгилиги, өз өлкөсүнө которгон каражаттардын натыйжалуу пайдаланышы жана инвестор болчуларга шарт түзүү, соңку жылдарда Кыргызстандагы өзгөрүүлөр боюнча ой бөлүштү.



Ооганстан: мечиттеги жардырууда өлгөндөр 25 кишиге жетти

Azattyk.org 

Ооганстанда шииттердин мечитиндеги жанкечтинин жардыруусунан мерт болгондордун саны 25ке жетти. Кырктан ашуун киши жарадар болду. Чагымчыл кол салуу 3-августта Пактия провинциясындагы "Хаваза Хассан" мечитинде жума намазынын маалында болгон. Провинциянын полиция бөлүмүнүн башчысы Раз Мохаммад Мандозайдын айтымында, паранжы кийген эки жанкечти алгач мечиттин алдындагы эки коопсуздук кызматкерин өлтүрүп, анан ичкери кирип өздөрүн жардырып жиберишкен. Буга чейин айрым полиция кызматкерлери экинчи... Читать дальше...

"Электр станциялары": Токтогул ГЭСинде трансформатор бузулган эмес

Azattyk.org 

"Электр станциялар" ачык акционердик коому "Токтогул ГЭСиндеги трансформатор бузулган" деген маалыматтарды четке какты.  Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, “Энергетика секторун калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында 2015-жылы өткөрүлгөн тендер менен алынган трансформаторлор эл аралык стандарттарга дал келет. Ага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн компаниялар катышып, "JOC Technical Engineering Co Ltd" (КЭР) компаниясы "жеңүүчү" деп табылган. Натыйжада былтыр ГЭСте 500 киловольттук эки трансформатор алмаштырылган. Читать дальше...

Чакан ГЭСтердин чоң чатагы

Azattyk.org 

Чакан ГЭСтердин консорциуму "өкмөт Ысык-Көл облусундагы "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" чакан ГЭСтерин ишке киргизүүгө тоскоолдук кылып жатат" деп даттанды. Анын айынан бул чакан ГЭСтерди куруш үчүн банктардан алынган насыялардын үстөк пайызы көбөйүп, инвестор чоң зыянга учурап жатканын билдирди.

Мамлекеттик лотерея компаниясы тираждык лотерея чыгарды

Azattyk.org 

Мамлекеттик лотерея компаниясы 4-августта "Кыргыз лото" бренди менен "Ала-Тоо" деп аталган тираждык лотерея чыгарып, кымбат баалуу автоунаа жана башка буюмдарды, акчалай сыйлык ойноткону жатат.    Лотерея билеттери 100 сомдон бардык аймактарда сатылып жатканын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.  Мамлекеттик лотерея компаниясы 2016-жылы "Лотерея жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Өкмөт ишканага  лотерея ишин уюштуруу, спорт, маданият, билим берүү, илим, искусствону... Читать дальше...



Украиналык активист орус түрмөсүнөн бошотулду

Azattyk.org 

Төрт жылдан ашык орус абагында отурган украиналык активист Александр Костенко бүгүн, 3-августта эркиндикке чыкты. Ал "2014-жылы Киевдеги демонстрациялар маалында коопсуздук күчтөрүнө кол салган" деген айып менен 2015-жылы Орусия аннексиялаган Крымда соттолгон болчу. Анын Кирово-Чепецк шаарындагы колониядан чыккандан кийинки сүрөттөрүн "РосУзник" укук коргоо тобунун координатору Яна Гончарова "Фейсбукка" жарыялады. Костенко жана анын тарапкерлери Орусиянын украиналык активистти соттогонго укугу болбогонун айтып келишет. Читать дальше...

Алымсейит аңдабаган сыр

Azattyk.org 

Самансур Бөлөкбаев кыргыз окурмандарына куйкум сөздүү куудул жазуучу, таасын котормочу катары белгилүү болчу. Айрыкча анын Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп калган кыргыз жоокеринин башынан өткөн азап-тозокторун баяндаган үчилтик баяны, сатиралык аңгемелери учурунда жакшы баага арзыган.

Өзбекстан: шектүүнү өз алдынча жазалаган дагы бир окуя катталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Республикасынын Беруни районундагы базарда уурулукка шектүү катары кармалган уланды соодагерлер өз алдынча жазалаганы ачыкка чыкты. Алар шектүүнүн колунан байлап, базардын кире беришиндеги дарбазага асып коюшкан. Соодагерлер жигитти жазалап жатканы тартылган видео 2-августта жергиликтүү Kun.uz сайтына жарыяланды. Видео чыккандан бир нече сааттан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги окуя боюнча комментарий берди. ИИМдин маалыматы боюнча 1-августта жергиликтүү... Читать дальше...

Кыргызстанда 600гө жакын бала бакча жетишпейт

Azattyk.org 

Кыргызстан боюнча 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-августта өкмөттө  жалпы билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылына даярдыгы талкууланган кезде билдирди. Анын айтымында, мурда бала бакча болгон 73 имаратты азыр мамлекеттик органдар - прокуратура, райондук, шаардык соттор, социалдык фонд мекемелери кеңсе катары пайдаланат. Мунун айынан 7300 бала бакчага барбайт. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, акыркы... Читать дальше...

Ооганстан: шиит мечитиндеги жардыруудан 20 киши мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы шииттердин мечитинде жанкечти өзүн жардырып, андан кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Чагымчыл кол салуу бүгүн, 3-августта жума намазы маалында болгонун Пактия провинциясынын полиция бөлүмүнүн өкүлү Сардар Вали Табасун билдирди. Анын айтымында, экинчи жанкечти өзүн жардыраарда атып өлтүрүлгөн. Шиит мечитиндеги жардыруудан ондогон адамдар жарадар болуп, көбү жергиликтүү ооруканага жеткирилип жатканы кабарланды. Бул чабуулга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок Ооганстанда... Читать дальше...

"Көз тийбесин, кепка кий" дешет. Эр сайышка түшкөн каскадер Диана менен маек

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Аргымагын алкынтып барып, атаандашын найза менен жыра сайып өткөн оюнчуну тиктеп эле калдык, аңгыча ал көз жак жагы ачык калпагын чечип, узун чачын шамалга силккенде селки экендигин билдик... Кырда тиктеп турган фотограф кесиптеш шаша-буша чырк этмесин жасай калды.

Мектептерге кабыл алууда "электрондук кезек" ыкмасы киргизилет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылдын аягына чейин мектептерге балдарды кабыл алууда "электрондук кезек" ыкмасын киргизгени жатат. Бул тууралуу өкмөттүн 3-августтагы жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.   Анын айтымында, алгач бул ыкма Бишкектин мектептеринде пилоттук долбоор аркылуу сыналат. Андан кийин долбоор башка аймактарда да иштетилет. Мындан тышкары мекеме окуучуларга маданий билим берүү менен алектенүүнү да көздөп жатканы айтылды. Читать дальше...

Помпео: Пхеньян милдеттенмелерин аткара элек

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатканын билдирди. 3-августта Сингапурда өтүп жаткан Азиядагы коопсуздук боюнча форумда сөз сүйлөгөн Помпео расмий Пхеньяндын мындай позициясы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына каршы келерин эскертти. Бир күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан кат алганы жана ага жооп кайтарганы белгилүү болгон. Ак үй эки лидердин каттарынын мазмунун ачыкка чыгарган эмес. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Сразу прыгнула голой в кровать: Волочкова уединилась с тайным спутником на Мальдивах





Персональные новости
Россия

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга





"Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча сынак онлайн түрдө жүрүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча компаниялар арасында жарыяланган сынак онлайн түрдө өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев "Азаттыкка" билдирди.  Анын айтымында, сынак 20-июлда жарыяланган. Ага катышууну каалаган компаниялар онлайн түрдө катталууда. Бирок азырынча ага канча компания катышканы белгисиз. Сынактын жыйынтыгы 10-августта чыгарылат.   Кыргызстан бул ирет "Коопсуз шаар" долбоорун... Читать дальше...

Ооганстанда 61 адам барымтадан бошотулду

Azattyk.org 

Ооганстандын атайын күчтөрү Гилменд провинциясында 61 адамды "Талибан" кыймылынын барымтасынан бошотту. Ооган армиясынын атайын күчтөрүнүн басма сөз катчысы Жавид Салим билдиргендей, туткундарды бошотуу операциясы 2-августта талип согушкерлеринин чордону саналган Кажаки районунда өткөрүлгөн. Операция маалында эки жоочу жок кылынды. Азырынча бул кабар боюнча "Талибан" кыймылынын билдирүүсү чыга элек. Барымтадан бошотулган адамдар армиянын Гилменддеги башкы кеңсесине жеткирилди. Согушкерлер бул... Читать дальше...

Фархад: Кыргыз жарандыгын алгыбыз келет

Azattyk.org 

"Азаттык" Ооганстандан келген үй-бүлөнүн жашоосу менен таанышып, тасма тартты. Тасманын баш каарманы - 12 жаштагы Фархад. Ал кыргыз өкмөтү анын үй-бүлөсүнө качкын макамын беришин, башкалардай эле кенен-кесири жашоону кыялданат. Расмий маалымат боюнча өлкөдө качкын макамын күтүп жаткан 159 адам бар.

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин мүлкү камакка алынды

Azattyk.org 

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, "Коррупция" беренеси менен айыпталып камакка алынган Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, сот Артыкбаев менен анын жакындарына таандык мүлктү камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Осмонбек Артыкбаев "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорундагы коррупцияга байланыштуу айыпталып быйыл 6-июнда кармалган. Читать дальше...

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин мүлктөрү камакка алынды

Azattyk.org 

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, "коррупцияга" айыпталып камакка алынган Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады.   Маалыматка караганда, Артыкбаев менен анын жакындарына таандык мүлктөрдү камакка алуу чечимин сот чыгарган. Осмонбек Артыкбаев "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорундагы коррупцияга айыпталып быйыл 6-июнда кармалган.  Башкы прокуратура... Читать дальше...

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров каза болду

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров 60 жашында узакка созулган оорудан каза тапты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.   Шаршенбек Камбаров 1958-жылы 17-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында төрөлгөн. Ал 1982-1993-жылдарда Жалал-Абад шаарынын элдик сотунда сот аткаруучу болуп иштеген. 1993-жылы Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгында сот тармагынын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүн жетектеген. Андан кийин Ала-Бука райондук сотунун төрагасы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о подготовке специалистов в спортивной сфере


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA предвкушает дуэль Елена Рыбакина — Юлия Путинцева на турнире в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Воспитанник Московского дворца пионеров стал лауреатом конкурса «Эксперимент в космосе. Космос для всех»





Путин в России и мире
Москва

«Известия» показали репетицию инаугурации Путина на Соборной площади


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве СБУ проводит облавы против нелояльных Зеленскому


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Григорий Лепс

Григорий Лепс выступит в Челябинске в День Победы



Москва

Рэпершу Hofmannita заподозрили в побоях и порче чужого имущества на концерте в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net