ФИФА швейцариялык футболчуларды айыпка жыкты
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Швейцариянын курама командасынын эки оюнчусуна Сербиянын командасы менен беттешүүдө көрсөткөн саясий мааниси бар жаңсоолору үчүн айыппул салды. Футболчуларга кийинки оюндарга катышууга уруксат берилди.
Гранит Жака менен Жердан Шакириге эскертүү берилип, 10 миң швейцар франкы (10 миң доллардан ашуун) өлчөмүндө айып салынды. Ушундай эле жазага Швейцариянын курама командасынын капитаны Штефан Лихтштайнер кириптер болду.
Жака менен Шакири – Косоводон чыккан албандар. Атаандаштын дарбазасына топ кирген сайын эки спортчу колдорун кайчылаштырып, Албаниянын туусундагы эки баштуу бүркүттү жаңсап көрсөтүшкөн. Серб командасынын күйөрмандары футболчулардын мындай кыймыл-аракетинен кийин ышкырышкан. Бул беттешүүдө швейцариялыктар 2:1 эсебинде сербдерди жеңишкен.
Оюндан кийин Жака өз жакындарын колдоо максатында гана колун кайчылаштырганын айтты. Футболисттин ата-энеси - косоволук албандар. Анын атасы саясий көз карашынан улам абакта үч жыл отургандан кийин Швейцариядан баш калка алып көчүп кеткен. Шакири болсо өз аракетинен эч кандай саясат көрбөгөнүн айтты.
Футбол федерациясынын тартип комитети сербиянын күйөрмандарынын «саясий жана адамдын ар-намысын тепсеген» жүрум-турумуна байланыштуу дагы бир иш карала баштаганын билдирди.
Швейцариянын курама командасынын машыктыруучусу, Босниядан чыккан Владимир Петкович «футбол менен саясатты аралаштырбоого» чакырды.